Алкоголсуз суусундук

Википедия дан

Суусундуктар (алкоголсуз) - суусаганды басуу, денени салкындатуу же дарылык үчүн ичилет. Аларга газдалган суу, жашылча, жемиш, мөмө, мөмө-жемиш ширеси, минералдуу суулар кирет. Биздин өлкөдө өнөр жайда мамлекеттик стандарт көрсөтмөсүнө ылайык даярдалат. Алар мөмө-жемиш ширелерине суу, кант, тамак-аш органикалык кислоталар, эссенция жана өң берүүчү заттар кошулуп жасалат. Суусундуктарды газдаштыруу атайын аппараттарда көмүр кычкыл газына каныктыруу менен жүрөт. Кант диабети менен ооругандар үчүн суусундуктарга канттын ордуна ксилит же сахарин кошулат. Суусундуктарды караңгы жерде 20° температурада жабык идиште 7 сутка, кант диабети менен ооругандар үчүн суусундуктарды 15 сутка сактоого болот. Чаңгылттанып же чөкмө туна баштаса мындай суусундуктар ичүүгө жарабайт. Ширелер мүнөз тамак болгондуктан, балдарга жана оорулууларга пайдалуу. Алар өтө даамдуу келип, органикалык кислоталарга, минерал заттарга жана витаминдерге бай. Кийинки мезгилде бөтөнчө даамдуу, суусунду кандыруучу жана дене сергитүүчү суусундуктар даярдала баштады. Кымыз, квас, максым, жарма, чалап да суусундуктарга кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8