Алкыш

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Алкыш — сөздүн магиялык күчүнө ишенүү менен адамга жакшылык каалоо, анын күнүмдүк жумуштарында же жоокерчилик иштерине ийгилик тилөө. А. өзүнө ар түрдүү магиялык милдеттерди камтыйт. Сөздүн магиялык күчүнө ишенүү коомдун өнүгүшүнүн эң төмөнкү баскычындагы уруу түзүлүшүнүн учурунда жаралган. Конкреттүү кырдаалга жараша жакшылык алып келе турган сөздүн сыйкырдуу күчүнө ишенүү анимисттик түшүнүктөрү (отко, сууга, айга, күнгө, асманга, жерге, теңирге, ата-бабалардын арбактарына жана ар кандай жан-жаныбарларга) сыйынууларды туудурган (к. Анимизм). Кыргыздар оттун, суунун тазарткыч күчүнө табынышкан. Мындан жаратылыштык культтар келип чыккан. Адамдар бул түшүнүктөргө карата өзүнүн мамилесин сөз менен билдирген жана бул дайыма А. түрүндө айтылган. Бул багытта тотемдик көз караштар кеңири өнүгүп, кыргыздар ар кандай жаныбарларга (бугу, үкү, бүркүт, кайберен, жылан, карышкыр жана башкалар) сыйынышып, аларды өздөрүнүн сактоочусу, колдоочусу, калканчы катары эсептешкен (к. Тотемизм). Культтардын ичинде теңирге сыйынуу өзгөчө орунда турат. «Теңир жалгасын!», «Барган жериң от болсун, балакетиң жок болсун!» деген өңдүү А-тар салттуу болуп, мындай типтеги алкоолор эпосто көп жолугат. Адамдар теңирди ыйык деп эсептеп, ар кандай аракеттерди теңирге байланыштуу карап, алкоолорду жаратышкан. Ишенимдин өзгөчө түрлөрүн түзгөн салттар ата-бабалардын арбагына сыйынууга байланыштуу. Өлгөн адам тирүүлөрдүн өтүнүчүн угат, жардам берет, колдойт деген ишенимде болушкан. Бул багытта алардын арбактарына атап мал союп, бата тилешкен. Элдин күндөлүк турмушунда мындай А-тар («Манастын арбагы колдосун!», «Ата-бабалардын арбактары колдосун!») азыр да колдонулат. А. көбүнчө бата берген учурда айтылат. Эпосто Семетейге, Сейтекке, дайыма ата-бабаң Манастын арбагы колдосун деген А. айтылат. Бул ишенимдердин келип чыгышы көп кудайларга табынууга негизделген диндик доорго байланыштуу. Афористикалык жанрда учураган ишенимдер ислам дининин кыргыздар арасына кеңири тараган доорунда Алланын кудуретине ишенүүдөгү ар кандай жин-перилерге (ак санатай жана кара санатай) байланыштуу калыптанган. Көөнө мүнөздөгү көптөгөн түшүнүктөр кийин исламдын салттары менен жуурулушуп кеткен. Баланын (баатырдын) төрөлүшүндө, ага ат коюуда, алгачкы эрдигин баяндоого, курал-жаракка, тулпарга ээ болгондо, согуштук окуялардын жүрүшүндө жана башкалар эпизоддордо А. көп учурайт. Чыйырдынын эркек төрөгөнүн угуп, баланы көргөнү келген Жакып алдынан тосо чыккан аялдарга «Бешик боосу бек болсун, Кундагың боосу кут болсун» (Сагымбай Орозбаков, 1. 88)— дейт. Мында «бек болсун», «кут болсун» делип, баланын өмүрүнүн узун болушун, ага бакыт, жакшылык каалаган А. катары айтылды. Махмуд Кашкаринин «Диван лугат-ит-түрк » сөздүгүндө да «кут» деген сөз бакыт, ырыскы, байлык деген мааниде берилет. Эпостогу «кундагың боосу кут болсун» деген А-та бакыт, байлык каалоонун байыркы мааниси сакталган. Байыркылардын ишениминде келечектеги баатырлардын өзүнө ылайык коюлган ысым ыйык деп саналган. Себеби башкы баатырдын келечеги ысмына да байланыштуу болгон. Манаска ат коюуда думана А-ын каалоосу менен мына мындай билдирет: Аты болсун Манас, — деп Алда таала сактасын Ар балаадан калас,— деп Бата кылды баарысы (Сагымбай Орозбаков, 1. 87). Карыя баланын өмүрүн тилеп, кырсыктан, жамандыктан калкалоосун Алда тааладан суранат, ага коюлган аттын өзү кырсыктардан сактайт деген ишеними көрүнөт (к. Ат коюу). Көкөтөйдүн ашында Жолой менен күрөшөрүндө Каныкей тиккен кандагайды кийип, уздугуна, акылына ыраазы болгон Кошой Каныкейди алкап, батасын берет: Тилекти берсе бир Алда, Туулса мындан бир бала Ургаачы болбой, Эр болсун! Аюу болбой, шер.болсун! Атышканын алсын, деп Күрөшкөнүн чалсын, деп!... (Сагымбай Орозбаков, 3. 214). Кошой ошондой эле учурда кандагайды жасашкандыгы үчүн Алмамбеттин аялы Аруукени да кошо алкап, келечектеги баатырдын, анын чоросу Күлчоронун атын атайт: Арууке келин баласы Акылдашы ар качан, Ага болсун чын жоро, Аты болсун Күлчоро (Сагымбай Орозбаков, 3. 215). Кошойдун батасы ордунан чыгып, Каныкей менен Арууке төрөгөн балдар Семетей, Күчоро аталат. Эпостун контекстинде магиялык сөз күчүнө ишенүү орундалып, Кошойдун батаалкоолору ишке ашат. Эпостогу А-тар өзүнүн түзүлүшү боюнча ар түрдүү. Сөз айкалышы, туруктуу салттык алкоолор түрүндө кездешет, атүгүл толук сюжеттик мотивировканы камтыган учурлар да бар. А. негизинен эпостогу баатырдык маанайды күчөтүүдө поэтикалык каражат катары кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4