Алтынай ("Манас" эпосу)

Википедия дан

Алтынай ("Манас" эпосу) — каарман, Алмамбеттин энеси. Эпостун түрдүү варианттарында ар кандай ысым менен берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аты Экзер, өзү Соорондүктүн аялы болуп айтылат. Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин варианты нда А. Соорондүктүн кызы. Баласыз жүргөн Азизканга алып берүүгө кыз сынатканда Карыкандын аярлары ушул баатыр уул төрөйт деп үч айлык боюнда Алмамбет бар А-ды тандашат. А. акылдуулугу менен Алмамбетти жан кишиге билгизбей төрөйт да атасы Соорондүккө бактырып, аман алып калат. Радлов жазып алган варианты боюнча Алмамбет энесине келип мусулман бололу десе А. болбой коёт. Саякбай Каралаевдин варианты нда А-дын мусулман болуп көрсөтүлүшү Алмамбеттин мусулман динине өтүш себебин ачыш үчүн болгон аракет. Алмамбет туугандары менен касташып, аркасынан кууп келген көп кол менен согушуп жүргөндө А. жалгызыма караан болуп берейин деп эркекче кийинип, колуна найза алып чыкканын: Кызыл түпөк сыр найза Энем колго алыптыр, Мен шордууга жеткирбей Алоокенин Калчасын Бөйрөктөн тосуп калыптыр (Саякбай Каралаев, 2. 115),— деп Алмамбет Манаска баяндайт. Ошондо Алгараны жарадар кылып, А. өзү курман болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4