Алышбаев, Жумагул

Википедия дан

Алышбаев Жумагул (1922, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы — 1969, Бишкек ш.) — экономист, Кыргызстан ИАнын академиги (1954), экономика илимдеринин доктору (1966), профессор (1967). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1939-ж. Каракол педагогикалык окуу жайын бүткөндөн кийин, Кочкор районунда орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы.
1945—47-ж. Талас обком комсомолунун катчысы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы.
1953— 54-ж. Республикалык партиялык мектептин директору.
1955—58-ж. Кыргызстан ИАнын коомдук илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, вице-президенти.
1958—68-ж. Экономика институтунун сектор башчысы.
1968—69-ж. Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакторунун орун басары.

Жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясий экономия, Кыргызстандын экономикасы (анын ичинде Ысык-Көл облусу) боюнча 200дөн ашык илимий эмгектери бар.
«Чоң Нарын проблемалары» (1968), «Кыргызстандын өнөр жайларынын негизги тармактарынын өнүгүүсу жана жайгаштырылыш келечеги» (1963), «Кыргызстандын электр энергетикасын өнүктүрүү жана жайгаштыруу» (1963), «Түндүк Кыргызстандын комплексин түзүү перспективалары» (1964), «Кыргыз ССРинде химия өнөр жайынын өнүгүү перспективасы» (1964) жана башка эмгектеринде Кыргызстанда өнөр жай курулушу жөнүндөгү маселелер каралып, өнөр жайдын рационалдуу өнүгүү багыты, ыңгайлуу жайгаштыруу жолдору далилденген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл Жылдыз, эки 2-дараж. Ата Мекендик Согуш, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Кереге-Таш айылына бюсту орнотулган, ысмы ошол жердеги мектепке коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.