Алышпаев Марат
![]() Марат Алышпаев
| |
![]() | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Сыйлыктары: |
КРнын эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти |
IMDb: |
Алышпаев Марат– КРнын эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти
Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]
1972-ж. Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун бүткөн.
1972—85-ж.Оштогу Кыргыз драмтеатрында, 1985-жылдан Кыргыз академиялык драмтеатрында иштеген.
1991-жылдан Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук комедиялык театрдын директору жана көркөм жетекчиси.
Алышпаев түрдүү жанрдагы ролдорду мыкты аткарган, чыгармачылыгын коомдук иштер менен айкалыштыра билген актёр.
Тасмаграфиясы[оңдоо | булагын оңдоо]
Тасмалары | |||
---|---|---|---|
Жылы | Кыргызча аталышы | Орусча аталышы | Каармандык ролу |
1987 | ~ | Приют для совершеннолетних | ~ |
1989 | ~ | Кербез. Неистовый беглец | Ниязалы |
1989 | Аномалия | Аномалия | ~ |
1992 | Шайтандын мөөрү | Печать сатаны | ~ |
2003 | Кара кыз | Каракыз | Шамбет |
2006 | ~ | Любовь как испытание | ~ |
2006 | ~ | Метаморфоза | ~ |
2008 | ~ | Исход | ~ |
2012 | ~ | Нонсенс | Кожоюн |
2012 | Президент жана бомж | Президент и бомж | Кыргызстандын президенти |
2013 | Президент жана бомж 2 | Президент жана бомж 2 | ~ |
2016 | Атанын керези | Завещание отца | Бек |
Жетишкендиктери[оңдоо | булагын оңдоо]
Аткарган негизги ролдору: Гамлет, Ричард III (В. Шекспир, «Гамлет» «Ричард III»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Алыкул (К. Мамбетакунов, «Алыкул Осмонов»), Сабитжан (Ч. Айтматов, «Кылымга тете күн»).
Кинодогу ролдору: Ныязалы (реж. Г. Николаенко, «Токтогул»), Сейит Керимович (реж. 3. (Эралиев, «Шайтандын мөөрү»), Кара кийген киши (реж. Г. Базаров, «Аномалия»). Ошондой эле Г. Гельмандын «Баары менен жекеме», Б. Карагуловдун «Бузулган уя», К. Мамбетакуновдун «Соңку жомок» телеспектаклдеринин башкы ролдорунда ойногон.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
Айрым шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
Марат Алышпаев, КР Эл артисти: "Момун чалдын ролун 27 жашымда ойногом"(жеткиликсиз шилтеме)
КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВ: «Мурунку бийлик кыргыз искусствосуна кыянаттык кылган»
"Эмне" деген сөздүн жанында үч күн түнөш керек" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
"Ой, андай акча биздин түшүбүзгө да кирбейт(жеткиликсиз шилтеме)