Альп алкагы

Википедия дан
Гималай.

Альп алкагы - негизинен мелүүн жана субтропик кеңдиктеринде жайгашкан тоолордогу табигый бийиктик тилкеси. Анда альп өсүмдүктөрү басымдуу. Альп алкагынын бийиктик абалы географиялык кеңдикке, тоо капталдарынын нымдуулугуна жана экспозициясына жараша болот. Субальп алкагынан жогору жайгашып, бийиктеген сайын тоолордо нивалдык алкакка өтөт. Альп алкагы Альп жана Батыш Кавказ тоолорунда 2200-3000 м, Теңир-Тоодо 3000-3500 м, Гималайдын түштүк капталында 3600-5000 м бийиктикте жатат. Жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]