Анатомия
Физиология
(киши анатомиясы(байыркы грек тилинде б.-грек. ἀνατομή — жара чабуу < б.-грек. ἀνά үстүнкү жагы жана б.-грек. τομή, tomé — кесүү)) — киши организминин формасы, түзүлүшү жана өнүгүшү жөнүндөгү илим. Анатомия — теориялык жана практикалык медицинанын негизги дисциплиналарынын бири. Киши организмин анатомиялык изилдөөлөргө органдардын сырткы жана ички түзүлүшүн ырааттуу так баяндап жазуу кирет. Киши денесинин түзүлүшүн изилдөө ылайыктуу болсун үчүн Анатомия функциясы, түзүлүшү жана өнүгүүсү окшош органдар системасы боюнча баяндалат.
Анатомиянын бөлүнүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Остеология — сөөк жөнүндөгү окуу;
- Артросин десмология — сөөктөрдүн биригиши (анын ичинен муундар жана байламталар жөнүндөгү окуу); *Миология — булчуңдар;
- Спланхология — ички органдар (дем алуу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу жана көбөйүү органдары);
- Ангиология — кан жана лимфа системалары;
- Неврология — борбордук четки нерв системасы;
- Эндокринология — ички секреция бездери;
*Эстезиология — сезүү органдары жөнүндөгү окуу.
Анын киши тиричилигинде жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу органдардын формасы менен түзүлүшүнүн мыйзам ченемдүү өзгөрүшүн изилдөөчү бөлүгү курактык Анатомия деп аталат. Айрым органдар менен системалардын түзүлүшүн жанаа формасын функцияларына байланыштуу изилдөө функциялык Анатомияда каралат. Органдардын жана системалардын микроскопиялык түзүлүшү жөнүндөгү окуу — гистология. Органдар менен ткандардын оору процессинин өзгөрүлгөн формасы жана түзүлүшү жөнүндөгү окуу — патологиялык Анатомия өз алдынча илим катары Биологиядан бөлүнүп чыкты. Анатомиянын изилдөө методдору да ар, түрдүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8