Аневризма

Википедия дан
Аневризма

Аневризма — кан тамырдын же жүрөк көңдөйүнүн капталы жукарып, чоюлушунан болгон кеңейүүсү. Аневризма миокарддын инфаркты, атеросклероз, котон жара жана башка оорулардын кабылдоосунан, травмадан пайда болот.

Аневризма орун алышына карата артериялык, веналык жана артерия-веналык болуп айырмаланат. Аневризманын ийик сымал, баштык сымал формалары көп жолугат. Толтонун аневризмасы көбүнчө атеросклероз менен жабыркаган эркектерде учурайт. Жүрөк Аневризмасы негизинен миокарддын инфарктынын кабылдоосу болуп, демейде сол карынчанын капталында болот.

Аневризманын белгиси анын орун алышына, көлөмүнө жана башка факторлорго байланыштуу. Кээде ал оорулууга көпкө чейин билинбейт (симптомсуз өтөт). Аневризма ткандардын кан менен жабдылышынын бузулушуна себеп болушу мүмкүн. Көлөмү чоң аневризма жакын жаткан органды жана тканды кыса баштайт. Көп учурда жүрөк ишинин бузулушуна алып келет. Ал канчалык жүрөккө жакын жайгашса, ошончолук жүрөк тез бузулат. Кээде Аневризма жарылып кетип, кан агуу мүмкүн. Аневризма менен жабыркаган бардык оорулуулар врачтын байкоосунда болуп, дарыланууга тийиш. Керек учурда операция жүргүзүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8