Аниме

Википедия дан

Аниме (жап. ア ニ メ, [ 'anʲɪmə, ənʲɪ'mɛ] о.,жөнб., [anʲime], англисче animation'дан - анимация) - жапон анимациясы. Көбүнчө балдардын көрүүсүнө арналган башка өлкөлөрдүн мультфильмдеринен айырмаланып, чыгарылган анимелердин басымдуу бөлүгү өспүрүмдөргө жана чоң кишилерге арналган. Негизинен ушул себептен дүйнөдө көп популярдуулукка ээ. Аниме каармандарды жана фондорду өзүнө мүнөздүү манерада тартуу менен айырмаланат. Теле сериалдар түрүндө жана видео алып жүрүүчүлөр же кино көрсөтүүгө ылайыкталган алып жүрүүчүлөр менен тараган тасма түрүндө чыгарылат. Сюжеттер бири-биринен жер жана доор, фанр жана стилдер менен айырмаланышы мүмкүн, көптөгөн каармандар сүрөттөлүшү мүмкүн.

Аниме-сериалдардын сюжетинин булагы көбүнчө манга (жапон комикстери), ранобэ (лайт-новел) же компүтердик оюндар (адатта "визуалдык роман"). Адатта экранга чыгарууда түп нусканын графикалык стили жана башка өзгөчөлүктөрү сакталат. Сейрек кездешсе да, башка булактар пайдаланылат, мисалы, классикалык адабий чыгармалар. Сюжети толугу менен оригинал болгон анимелер да бар (мындайда анименин өзү китеп жана манга версияларды түзүүгө булак болот). "Аниме" термининин мааниси контекстке жараша өзгөрүшү мүмкүн. Батыш өлөлөрдүндө аниме Эри Идзава, Скотт Маклауд, Сүзан Напьер, Шерон Кинселла сыяктуу культуролог, социолог жана антропологдорун изилдөө объектилери болуп саналат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анименин тарыхы ХХ-кылымында, жапон кинорежиссерлор Франция, Германия, АКШ жана Орусияда ойлоп табылган мультипликация техникалары менен алгачкы таржрыйбаларын баштаган.

Азыркы жапон анимациянын негизин Осаму Тезука түзөт. Ал "манга менен анименин кудайы" деген атакка ээ болгон.

Өзгөчөлүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жапон анимациянын көбү белгилүү бир бөлүгү өспүрүмдөр аудиторияга арналган. Бул анименин философиялык жана идеологиялык мазмунуна көп көңүл бөлүнүүсү көрүнөт. Аниме атайы аудиторияга арналып жасалат. Бөлүнүү критериялары көрүүчүнүн жашы, жынысы, психологиялык типи болушу мүмкүн.

Сүрөттөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аниме менен бейтаныш адамдар көбүнчө анимедеги каармандардын алгач аябай чоң көздөрүн байкашат. Бул стил батыш мультипликация чыгармаларынан туулган. Жана аниме-каармандары алардан көздөрүнүн чоңдугу менен кошо, алардын сүрөттөлүүсүнө көп көңүл бөлүнүүсү менен өзгөчөлөнөт. Көздөрүнүн сүрөттөөсү аркылуу каарманга сыпаттама берүүгө болот. Жагымдуу, ыклас, көңүлдүү каармандар — үлкөн, жылтыраган, муңайымдуу көздөргө ээ. Жагымсыз, жабык каармандардын көздөрү кичинекей болуп тартылган, жалтырабаган же кекирейген болот. Алардын көздөрүн жырткыч куштун же жыландын көздөрүнө окшотуп коюшат. Чачтар да каарманды сыпаттоого мүмкүндүк берет. Мисалы, сары чачтар кызуу мүнөздү, сары чачтар четтен келген бейтаанышты билдирет (жапондордун басымдүү бөлүгү кара түстүү чачтарга ээ).

Обон[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Киноматографтагыдай анимеде көрүүчүлөргө эмоцияларды жеткизүү үчүн тыбыштык жана обондук мазмунга көп көңүл бөлүнөт. Анимедеги рольдорду үн актерлорун "сейю" деп атайт. Сейю кесиби Жапонияда жакшы өнүккөн.

Аниме жанрлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Максаттуу аудитория боюнча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кодомо — балдарга (12 жашка чейн) арналган аниме жана манга.
  • Шонен — жаш өспүрүмдөргө (12 жаштан 16-18 жашка чейин) арналган аниме.
  • Шоджо — жаш өспүрүм кыздарга (12 жаштан 16-18 жашка чейин) арналган аниме.
  • Сейнен — калган бардык адамдарга (18-ден 25-40 чейин) арналган аниме жана манга.
  • Джосей — аялдарга арналган аниме.

Киноматограф менен окшош жанрлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Киберпанк — компьютердик технологияларга толук келечек дүйнө жөнүндөгү аниме.
  • Фэнтези — "Кылыч менен магияга" негизделген дүйнөнү баяндаган аниме.
  • Апокалиптика — Акыр Заман тууралуу аниме жанры.
  • Постапокалиптика — Акыр Заманадан кийинки өмүрдү баяндоочу аниме.
  • Романтика — романтикалык карым-катнаштар тууралуу аниме.
  • Мистика — өзгөчө дүйнөлөр менен сыйкыр күчтөр тууралуу аниме.
  • Slice of life — күнүмдүк өмүр тууралуу аниме.

Башка жанрлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каваий — өтө "жакшы" нерселерге арналган аниме.
  • Шоджо-ай — кыздардын арасындагы махабат тууралуу аниме.
  • Шонен-ай — жигиттердин арасындагы махабат тууралуу аниме.
  • Психологиялык триллер — адам жанынын кризиси тууралуу аниме. Башкы каармандар кыйын учурларга түшүп, психологиялык өзгөрүштөргө учурайт.

Аниме форматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Телесериал[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Телесериал (TV) — көптөгөн сериалардан курулган, телеберүү аркылуу белгилүү бир негиздеги көрсөтүүлөргө арналган аниме. Адатта бир сериянын узундугу 23-25 мүнөт. Жалпы сериалдын узундугу 12-13 сериадан турат. Ушундай 24-26 сериадан турган, жана андан да узун сериалдар да бар.

OVA[түзөтүү | булагын түзөтүү]

OVA (Original Video Animation) — видеокассета же DVD сыяктуу, видео ташымалдоочуларга чыгарууга арналган аниме. Адатта, OVA эки же алты сериадан тураган кыска фильм же сериал.

Тасма[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасма — кинотеатрда көрсөтүлүүгө арналган аниме.

TV-Special[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Special (Кошумча, бонустуу серия, спешиал) — кээде узун, кээде негизги сюжет менен байланышта эмес сериал, телеберүүгө бөлөк серия болуп көрсөтүлөт. Адатта кошумча сериалар маарекелик күндөргө арналып, же телесериалдын аягына чейин көрсөтүлөт.

ONA[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ONA (Original Network Animation) — Интернет аркылуу таратуу үчүн атайы түшүрүлгөн аниме.


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]