Аномалия

Википедия дан

Аномалия (грек. anomalia – нормалдуу эмес, туура эмес, нормадан, өсүүнүн жалпы закон ченемдүүлүгүнөн кыйшаюу) - биологияда жана медицинада нормалдуу өсүүдөн четтеп кетүүлөрдүн, б.а. типтүү эмес түзүлүштүн келип чыгышынын жана типтүү эмес органдардын же бүткүл организмдин ишинин жыйынтыгын белгилөө үчүн колдонулат. Органдардын түйүлө башташынын жеткиликтүү өнүкпөгөндүгү же тескерисинче артыкча тездик менен өнүгүшү, ошондой эле органдын түптөнө башташынын өзгөрүшү Аномалияны пайда кылышы ыктымал. Аномалия генетикалык факторлордон (мисалы, алты бармактуулуктун болушу), ошондой эле химиялык, термикалык факторлордун, жатындын ичиндеги уруктардын инфекциясы менен өнүгүүчү түйүлдүктүн радиациялангандыгынан ж.б. бузулуп майып болууларынан келип чыгышы мүмкүн.

Аномалдуу (аялуу) балдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Денелик же психикалык өнүгүшү нормалдуу эмес, ошондуктан атайын шарттарда тарбиялап окутууну талап кылуучу балдар. Мындай балдардын өсүп-өнүгүшүнүн нормадан кыйшаюусу же тубаса, же кийин келип чыгуучу дефекттерден болот. Ошондуктан кээде «дефекттүү балдар» деген термин да колдонулат. А. б-дын дефекттеринин негизги категориялары: көрүүсү (кемчил), угуусу (кемчил), речи бузулган (кемчил), акылы б-ча артта калган (кем акыл) балдар болуп эсептелет. А. б-ды тарбиялап, окутууну үйрөнүү иши дефектология илиминин мазмунун түзөт. Мындай балдарды үйрөнүү процессинде дефектинин келип чыгышы, анын мүнөзү ж-а убактысы, баланын аномалдуу өсүшүнүн жолдору айкындалат; баланын сезгичтигинин бузулушунун так мүнөздөмөсү (анын угуусу, көрүүсү, ойлоосу канчалык даражада бузулуп начарлагандыгы ж. б.) берилет. Окутуу процессинде өсүүнүн кемчиликтерин аныктоо ж-а ал дефекттерди компенсациялап толуктоонун жолдорун иштеп чыгуу б-ча жүргүзүлүүчү пед. изилдөөлөр өзгөчө чоң мааниге ээ. Балдардын денесинин ж-а психикалык өсүшүндөгү анча ачык билинбеген кемчиликтерди компенсациялап толуктоонун туура жолдорун аныктоодо массалык мектептердин окуучуларын пед.жактан үйрөнүүнүн ж-а бул кемчиликтерди мугалимдердин өз учурунда байкап билип турушунун зарылдыгы өзгөчө кымбат. Баланын сабакты анча өздөштүрө албай калышынын себеби көп учурда анын угуу же көрүү органдарынын начардыгынан, же психикалык өсүшүнүн убактылуу кармалып калышынан экендигин өз убагында байкап билбегендиктен келип чыгат. Баланын ойноосундагы, жалпы жүрүм-турумундагы ж-а интеллектуалдуу эмгектенүүсүндөгү тигил же бул кемчиликтер билинер замат ата-энелер педагогдорго ж-а врачтарга кайрылып консультация алышы зарыл. Акылы б-ча артта калган (кем акыл) балдар – булар туюнуу процессинин нормалдуу өнүгүшү бузулган ж-а ошол себептүү бардык психикасы бүтүндөй кемчил болгондор. Мындай балдардын негизги группасын олигофрендер түзөт. Кем акылдуулар 3 түрдүү: а) идиоттордун (жиндилердин) психикалык өнүгүүсү гана эмес моторикасы (кыймылы) да аябай бузулган (алар өз алдынча жыла алышпайт), өзүн-өзү тейлөөнүн эң жөнөкөй ыкмаларын өздөштүрүүгө да жарамсыз, речи жок ж-а башкалардын речин да түшүнүшпөйт. Аларды дайыма такай тейлеп турууга туура келет, ошондуктан алар көбүнчө социалдык тейленүүчү балдар массаларында же психикасы бузулгандардын колонияларында тарбияланышат. б) имбецилдер туюнуу процесстери өтө бузулган, узак убакыт багытталып иштей албаган, ою оңой эле алагдыланып кетүүчү балдар. Алар речи жаман, тили тантык, кекеч болушат. Көп убакыт бою атайын окутуудан кийин гана алар араң окууга, араң жазууга ж-а өзүн-өзү эптеп тейлөөгө үйрөнө баштайт. Имбецилдерди окутуу ж-а тарбиялоо социалдык камсыздандыруунун балдар мекемелеринде же жардамчы мектептердин алдындагы атайын класстарда ишке ашырылат. в) дебилдер – булар акылы бир кыйла артта калган, бирок атайын программа м-н жардамчы мектепте системалуу түрдө окуй алуучу балдар. Дебилдердин акылы эрте жашынан эле бузула тургандыгы алардын ойноосунан, окуусунан ж. б. эмгектенүүсүнөн көрүнөт, алардын эмоциясы ж-а эрки жарды, өздөрүнүн керектөөлөрү, муктаждыктары, кызыкчылыктары өтө чектелинген болот. Дебилдердин көпчүлүгүнүн жүрүш-турушу жай, тыкан, аткаргыч, чектелген кызыкчылыктары туруктуу, баштаган ишти аягына жеткиргич, бирок өзүн-өзү жогору баалоочу болот. Дебилдердин кээ бирлери өтө эле ээликме, бир орунга токтолуп тура албаган, шалакы, сөз укпаган, оюн токтото албаган, өзүнүн ишин башкара албаган, аларга коллективде иштөө эң оор ж-а ошондуктан алардын жүрүш-туруштарын тынымсыз жөнгө салып (коррекциялап) туруучу атайын пед. иштерди дайыма жүргүзүп турууну талап кылышат. Башталгыч мектеп жашындагы дебилдердин туюнуу аракеттери бир кыйла өзгөчөлүү: кабыл алуулары жай, толук эмес ж-а айлана-чөйрөгө багыттанышы начар, так эмес, өзгөрүлүүчү шарттарга начар ылайыкташкан, байкагандарын сезип ойлонуусу жаман, так эмес. Алардын чындыкты элестеп кабыл алуулары так, толук эмес болушу, кабылдоолорунун өзгөчөлүгү м-н, өтө унутчаактыгы ж-а окшош нерселерди бири-биринен ажырата алышпагандыгы м-н түшүн-дүрүлөт. Биринчи жылдарда дебилдер окугандарын ж-а көргөндөрүн тез унутушат, анткени алардын сезимдүү эстеп калуулары жок. Мындай балдардын речи (тили) өтө эле кеч (3–4 жашында) чыгат. Аларды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу чоң, баланын өсүшүндөгү артта калуучулук билинер замат ата-энелер психоневрологдон кеңеш сурап, зарыл болгон учурда баланы мектепке чейинки атайын мекемеге орноштуруу керек. Жардамчы мектепти бүтүргөндөн кийин мындай балдар көп учурда өздөрүнүн алы келе турган иште эмгектене алышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97