Анталья

Отурукташкан жай
Анталья
Өлкө Түркия
Ил Анталья
Координаттар 36°54′ с. ш. 30°41′ в. д.HGЯO
Мэр Мендерес Түрель
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 1417 км²
Борборунун бийиктиги 30 м
Убакыт аралыгы UTC+2
Калкы
Расмий тили Түрк тили
Калкы 2.288.456 адамды (2015)
Жыштыгы 478 адам/км²
Этнохороним Антальялык, Антальялыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +90 242
Почта индекси 07x xx
Автоунаа коду 07
Расмий сайты шилтеме
 (түрк.)  (англ.)  (орус.)
Анталья (Түркия)

Анталья (түрк. Antalya) — Түркиянын түштүк-батышындагы шаар. Анталья илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 759 миң (2005). Жер Ортолук деңиздеги Анталья булуңунун жээгинде, Батыш Тавр кырка тоосунун этегинен баштап, тектирчеленип жайгашкан. Өлкөдөгү ири порт; Жер Ортолук деңиз жээгиндеги эң ири эл аралык аэропорт. Деңиздик климаттык курорт. 1990-жылдан эл аралык туризм жана эс алуу борбору катары ургалдуу өнүгүүдө. Музей (баалуу археологиялык коллекциялары менен), текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. Айыл чарба продуктыларын (негизинен цитрус өсүмдүктөрүн) иштетүү борбору. Биздин заманга чейинки 159-138-жылы пергама падышасы Аттал II негиздеген, анын урматына Атталия аталган. 1207-жылы селжуктар басып алган. 13-кылымда Анадолу кербен соода жолунун акыркы чеги. 1391-жылдан Осмон империясынын курамында. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Италияга берилип, 1921-жылы түрк аскерлери бошоткон. Үч аркалуу Адриан дарбазасы, минарет (13-кылым), Оттоман эстеликтери сакталган[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  1. Анталии райондор: сереп, маданий, жашоо