Аппетитке каршы дарылар

Википедия дан

Аппетитке каршы дарылар — негизинен тамакты ашкере ичкенден келип чыккан семирүүгө каршы колдонулуучу дарылар. Тамакты көп ичип, диетаны колдоно албагандарга сунуш кылынат. Мээдеги токчулук борборун козгоп, ачкалык сезимин жоготот. Гипертония оорусунда, стенокардияда, гипертиреоздо берилбейт. Бул дарылардын организмге терс таасири болгондуктан врачтын көрсөтмөсү болмоюнча кабыл алууга болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8