Аралаш токой
Көрүнүш
Аралаш токой - ар түрдүү тукумдагы, көбүнчө ийне жана жазы жалбырактуу дарактар өсүүчү аймак. Ал мелүүн алкактардагы ийне, жазы жалбырактуу, тропиктердеги дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө, субтропиктердеги лавр жана ийне жалбырактуу жана башка болуп бөлүнөт. Анда кайсынысы басымдуу болсо, ал негизгиси болуп, ал эми калганы аралаш дарактарды түзөт. Табигый аралаш токой көп кездешет, атайы өстүрүлгөн токойлор да бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1