Арат, Рашит Рахмети

Википедия дан


Рашит Рахмети Арат (Reşit Rahmeti Arat; 15-май, 1900-жыл – 29-ноябрь, 1964-жыл), атактуу түрколог; теги – татар.


Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал падышалык Орусияда туулган.

Жарандык согушка байланыштуу армияга чакырылган. Ал жарадар болуп калып, Манжуриянын ошол кезде Орусияга караштуу болгон Харбин шаарында бир аз убакыт жашаган. Мында ал Харбиндеги түрк тилдүү калайыктын арасында жашап, иштей баштаган.

Орто мектепти 1921-жылы аяктаган. 1922-жылы ал Германияга жогорку билим алуу үчүн барган.

Берлиндеги Философия (Адабият) факультетинде проф. Вилли Банг-Кауптун (Willi Bang-Kaup) студенти болуп калган. Ал ушул жерден докторлук диссертация жактап, докторлук даражаны алган.

Окууну аяктагандан кийин Арат Берлинде устаты Банг жана досу Аннемари фон Габайн (Annemarie von Gabain) менен чогуу иштешип, Турпанда табылган орто кылымдардагы исламга чейинки уйгур тексттерин классификациялоо жана басып чыгаруу менен алек болгон.

Берлин университетинде жана Пруссия Илимдер академиясында окутуучу болуп иштеп жүргөндө, 1933-жылы Арат мырза Түркиядагы Стамбул университетине чакырылып, мында ал эски түрк тилинин профессору болуп иштей баштаган.

Ага профессор наамы 1958-жылы 26-апрелде ыйгарылган. 1964-жылы 29-ноябрда көз жумганга чейин Арат мырза Стамбул университетинин Адабият факультетинде кызматын уланткан.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Fahir İz, Arat, EI2, Suppl.
  • Muharrem Ergin, Reşid Rahmeti Arat’ın eserleri. Doğumunun 60. yıl dönümü münasebetiyle, Türk Dili ve Edebiyatı Dergisi 11 (1961), 1–10
  • Saadet Çağatay, Reşid Rahmeti Arat (15.5.1900–29.11.1964), Belleten 29 (1965), 177–93
  • Muharrem Ergin, Reşid Rahmeti Arat. 1900–1964, Türk kültürü 27 (1965), 3–16
  • Ahmet Temir, Reşid Rahmeti Arat’ın hayatı ve eserleri üzerine bir bibliyografya, Reşid Rahmeti Arat için (Ankara 1966), 19–30
  • Muharrem Ergin, Reşid Rahmeti Arat (15.5.1900–29.11.1964), Reşid Rahmeti Arat İçin (Ankara 1966), 9–14
  • Muharrem Ergin, Reşid Rahmeti Arat’ın eserleri, Reşid Rahmeti Arat İçin, (Ankara 1966), 15–28
  • Osman Fikri Sertkaya, Ölümünün 15. yıldönümünde ord. Prof. Dr. Reşid Rahmeti Arat (15.5.1900–21.11.1964) ve eserleri, Türk kültürü 18 (1980), 10–6
  • Osman Fikri Sertkaya, Sunuş, Makaleler. Cilt I (Ankara 1987), 5–15
  • Nuri Yüce, Arat, Reşit Rahmeti (1900–1964). Türk dili ve lehçeleri âlimi, Türkiye diyanet vakfı İslâm Ansiklopedisi 3 (Istanbul 1991), 336a-337a
  • Ferit Hakimcan, Kazanlı Reşit Rahmeti, İdel, 1996, 10th article
  • Mirfatih Zakiyeviç Zakiyev, ‘Törkiya aşa Tyurkologiyage (R. Aratnıŋ 100 Yıllığı uŋayeŋnan)’, İdel 2000, 5th article
  • XX Gasırnın kürenekle Türkologı Reşit Rehmeti Arat (22 İyün 2000’de galimneŋ 100 yıllığına bağışlanğan halıkara fenni konferensiye material-ları) (Kazan 2001), 252
  • Arát (Arat) Reşit Rahmeti (Rahmetullin Gabderreşit), Tatar Entsiklopedi-yase (Kazan 2008), 1:186c–187a

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]