Арзымат уулу Бекназар

Википедия дан

Бекназар Арзымат уулу 1881 – жылы азыркы Талас областы, Токтогул районундагы КЫзыл-Ураан айылында кедейдин үй – бүлөсүндө туулган. Атасы жан багыштын айынан өз элинен кетип, азыркы Арстанбап менен Чарбактын ортосунда Кызыл – Суу деген кыштакка барып, Атантай деген кедейди каралап туруп калат. Арзымат мээнеткеч киши болуп, токойдон жер – жемиш жыйнап, тың оокат кылып турганда Атантай өлүп, аялы экөө Арстанбаптын маңдай жагындагы киши турбаган Кур – Майдан деген жерге көчүп келип, өмүрү өткөнчө ошол жерде жашайт. Балдардын кенжеси, болочок куудул Бекназар жаңы эле бечелдиктен кутулуп, айыл аралап темтеңдеп телчигип калган мезгилинде энеси каза табат. Бул маалыматтар куудулдун өз окуяларында (“Илгерки жетим”, Өгөй эне”, “Кашындагы каралдысы болуп калдым”) орун алат. Бекназар каза болгондо андан калган төрт баланын (үч эркек, бир кыз) улуусу он үчтө, кенжеси - өзү жети жашта болот. Арзымат балдарына карап, экинчи жолу үйлөнөт. Бирок кийинки аялы ырайымсыз, балдарга касап чыгып, айрыкча Бекназардын көрбөгөнү көр болот (“Илгерки жетим”). Анысы аз келгенсип, куудулдун өгөй энеси ар кандай азыткы, жин, пери, кайып, арбарсты, сасык албарсты, кара жин, ак жин, шайтан гана эмес, жестырмак, желмогуздардын кебете – кешпирине чейин кобурап сүйлөп берип, жаш наристенин үрөйүн учурар эле (“Өгөй эне”). Бекназар энеси өлгөндөн бир жылдан кийин сегиз жашында атасынан ажырайт. Арзыматтын туугандары Токтоназар менен Эрназарды жана эжесин алып кетишип, куудул өгөй эненин колунда калат. Жарым жылга жетпей өгөй энеси тап – такыр үйдөн кууп жиберет(“Кашындагы каралдысы болуп калдым”). Айласы куруган Бекназар бир курсагын тойгузуунун айласында Арстанбап мазарына барып, жети жылы туруп калат. Кожо – шайыктардын, молдо, эшен – калпалардын алдамчылыгын, эки жүздүүлүгүн өз көзү менен көрөт, алардын ар кандай куулук – шумдуктарына, ач көз митайымдыктарына күбө болот. Ушундан улам динге жана дин өкүлдөрүнө карата ишенимин жоготот. Кези келгенде өзү да “ чымындарын” чакырып, ооэунан көбүгүн буркулдатып, “талма” болуп тырпырап жыгылып, тобо – топук жасоого келген адамдарды жана өз “кесиптештерин “ таң калтырат. Анын көзү ачыктыгы ошол Арстанбап мазарынан башталат. Өз кызматын шайыктын колуга суу куюудан баштаган Бекназар бат эле кыйналбай намаз окуганды, курсагын ачырбай орозо кармаганды, мусалла ичип, зикир чалганды үйрөнөт. Он үч жашка чыкканда кумганчылыктан бошонуп, “сарайчы девана” деген атак алат. Ушул тапта “күн сайын ондогон бодо, жүздөгөн майда жандык мал келип шайыктардын алкымынан ары урулуп тургандыгын байкайт”, ал эмес, олжо бөлүштүрүүдө өзүнө ыйгарылган энчини өз шайыгы кытып коюп жүргөндүгүнө да көзү жетет. Кыскасы ушундай жагдайда куудул аларда эч кандай касиеттүүлүктүн, кереметтүүлүктүн жоктугун, элди алдоо менен жан багып, эл эсебинде семирип сергип, көңүл ачып чардап жүргөндүктөрүнө толук түшүнөт. Бул куудулдун чыгармаларында (“Мен биринчи жолу тойгондо”, “Оңой эле чоң болдум”, Күнөөгө кадам койгон жылы”, “Мусаллага тойгондогу зикир”, “Шекшип калдым”, “Олуя болуунун жолу табылды”, “Кесел келип калганда”) ачык мүнөздөмөгө ээ болгон. Жогоркудай “даярдоо” баскычын басып өткөн Бекназар өз “олуялыгын”, көзү ачыктыгын көрсөтүүдө тажрыйбалуу шайыктардан да ашып түшөт. Натыйжада анын куудулдук чеберчилиги, кыймыл – аракети өз “кереметтүүлүгүн” көрсөтүүдөн башталат.Зыярат кыла турган мазардын дубалындагы таштарды алып кантка чылап, кайра ордуна коюп, шайыктарга жалатып, өз кереметине ишендирет. Ал эми өңүндө тирүүлүктүн жышааны жок, сөлөкөтү гана калган Сарымсак бийдин жалгыз кызынын мал болбостугун “керемети” менен билип коюшунан тартып, Бекназардын зоболосу көтөрүлө баштайт. “Арсланбапта бир олуя бала бар экен” деген кабардан улам бата алып кетиш үчүн, же кеселден айыгыш үчүн келгендердин саны көбөйө баштайт.
Бекназар толугу менен атеис киши болгон. Ал кожо иолдолор гана эмес, кудайга да ишене бербейт. Ал эми диний ишенимдерди, ырым – жырымдарды өзүнүн каршысынын – байлардын, бийлердин, соодагерлердин ачкөздүгүн, сараңдыгын, адамгерчиликсиз түндөйлүгүн ашкерелөө максатында пайдаланган. Буга анын “Бадик айтканда”, “Көк көйнөкчөн көрүнчү” сыяктуу окуялары ачык күбө.
Бекназар өз өмүрүндө эшен – калпаларга, кожо – молдолорго каршы куудулдукту көп жасайт. Аларды ар кандай кырдаалда (орозо тутууда, шарыят айтууда, жаназа, намаз, доорон окууда, зекет жыйноодо, бүбү, бакшы ойноодо, өз “олуялыгын” көрсөтүүдө) куйкум, курч, сөздөрү, же куудулдук кылык – жоруктары менен эл алдында шылдыңга алат. Бул идея анын “Сүзүшмө намаз, мушташма зикир”, “Алкы бузулгандын алданышы”, “Каргыш тийген калпа”, “Нан битир”, “Бул деле зекетсиз уй”, “Бөрү жарды, кузгун тойду”, Акыреттен качкандар ж.б. сыяктуу куудулдук окуяларында да ачык чагылышкандыгын көрөбүз.
Совет өкмөтү орногондон кийин да Бекназар кожо – молдолордун, эшен – калпалардын алдамчылыгын ашкерелөөнү уланта берген. Ал “Молдолор тооруганда”, “Боорукер момундар”, “Жалгыз көздүү жан алгыч” сыяктуу окуяларында ачык чагылышкан.
Бекназар Арстанбаптын алдамчы эшен, калпа, шайыктарынан качып, элине келүү менен деле чекеси жылыбайт. Баягы ьэле жетимдик, жокчулук кендирин кесет. Улам бир тууганынын, кесирлүү жеңелеринин, оокатуу адамдардын колуна өтүп, уй багып, кой кайтарып, үй оокатына каралашып, эптеп күн өткөрүү менен алек болот. Кийин үйлөнгөндө деле жокчулук аны чеңгээлинен чыгарбайт. Куудулдун ошол күндөрүнүн бири “Эшен жаткан түнү” окуясында ачык чагылышкан. Башка куудулдарга караганда Бекназардын окуялары, куудулдук кылык – жоруктары бызге көбүрөөк маалым. Куудул өзү менен бир эле жүздөшүп, анын демейдеги тамашасынын четин коргөн адамдын өмүрүндө унутулгус из калтырган, айтып берүү манерасы, аткаруу чеберчилиги, кыймыл – аракети, тулку бою, кебете – кешпири эрксизден күлкү чыгарып, угуучулардын эстетикалык моокумун кандырган.
Пайдаланылган адабият: Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Фрунзе1988.