Аркар, кулжа

Википедия дан

Аркар - жалпы аталышы. Аркар, кулжа (лат. Ovis ammon), (Linnaeus, 1758) – (Ovis argali).

Кулжа - эркеги. Козу - Аркардын баласы.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбордук Азиянын тоолуу аймактары: Кызылкум тоо калдыктарынан Нуртау, Памир-Алай, Ала-Тоо, Чу-Или тоо кыркалары, Казактын майда тоо чокуларында, Алтай, Саян, Гималай тоолоруна чейин- мурда Кыргызстандын корунун бардык жерлеринде кездешкен. Азыркы убакта көбүрөөк санда Тескей Алатоо, Нарынтоо, Атбашы тоо кыркаларынын түштүгүрөөк жактарында жана Алай өрөөнү курчалган төөрлөрдө. Республиканын калган аймактарында Тянңшанң аркары Кунгөй Алатоонун батыш бөлүгүндө, Сонкүлдүн айланасындагы тоолордо, Кыргыз жана Талас кырка тоолорунда чачарыганы сакталып калган . Северцов аркарынын анча чоң эмес популяциясы Түркстан тоо кыркаларынын этегинде кездешет.

Тоо жерлеринин түзөң талаалуу жерлерди жана тоо арасындагы өрөөндөрдү артык көрөт, деңиз деңгээлинин бийиктиги анча маанилүү эмес. Бирок азыркы мезгилде негизинен анын изин азыраак кубалоочу бийик тоолуу жерлерде сакталып калган.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Памир аркары азыр жогорку санда . Алардын саны боюнча так маалыматтардын жок, бирок ар кандай булактардын билдирүүсү боюнча алардын саны 8000-10000 ге жетет деп божомолдого мүмкүн. Тянңшанң аркарынын саны 1000 ден ашпайт. Северцев аркары дээрлик жок болууда, анын популяциясынын саны бир-нече ондогон особ.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үйүрлүү жаныбар, жетилген жана карган эркектери гана жалгыздан же кичинекей топ болуп жүргөндү артык көрүшөт. Тынчсыздандырбаган жерлерде негизинен күндүз, ал эми браконңердик күчтөр өнүккөн жерлерде түнкүсүн тиричилик кылышат. Көбүнчө чөп өсүмдүктөрү менен азыктанышат. Жыныстык жетилүүсү 2,5 жаш курагында. Полигам. Куугу ноябрь – декабрь айларында өтөт. Апрел (Чын куран)-май (бугу) айларында бир же эки козу тууйт. Алар энесинин сүтү менен октябрь(тогуздун айы) кээде андан да кечирээк убакка чейин тамактанышат.

Чектөөчү факторлору. Аркарлардын санынын аныктоочу негизге факторлор – браконьерчилик, кай бирде калың терең карлуу кыш. Табигый душмандары карышкыр, илбирс кээде аюу болуп эсептелет. Көптөгөн козуларын, ал турсун чоңдорун да иттер жок кылышат.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зоопарктарда, питомниктерде өстүрүшөт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сарычат-Ээрташ, Бешарал, Сары-Челек коруктарынын аймагында корголот. Мергенчилик кылууга чет элдик мергенчилер үчүн уюштурулган трофей мергенчилигинен башкага тыюу салынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаныбарлардын саны боюнча туруктуу мониторинг жүргүзүү зарыл. Талас жана Кыргыз кырка тоолоруна ӨКЖА уюштуруу жана тез арада Түркстан кырка тоолорундагы Северцов аркарын коргоо боюнча комплекстүү иш чараларын иштеп чыгуу талапка ылайык. Валюталык мергенчилик боюнча иштеген фирмалардын санын азайтуу зарыл . Ача туяктуулар сымалдар – Artiodactyla – ПАРНОКОПЫТНЫЕ

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Республиканын аймагында ар түрдүү статустагы үч түрчө кездешет. Памир аркары (Ovis ammon polii Blyth (1841) статусу –3; Тянңшанң аркары (Ovis ammon karelini Severtzov (1873) статусу – 2; Северцов Аркары (Ovis ammon severtzovi Nasonov (1914), статусу –1.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]