Мазмунга өтүү

Асанкул Шаршенов

Википедия дан
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Асанкул Шаршенов
Туулган жылы: 1927-жыл
Каза болгон жылы: 1993-жыл
Туулган жери: Жал айылы, Сокулук району, Кыргызстан
Каза болгон жери: Бишкек, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: куудул, кино артисти
Иштеген жери: Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармония
Наамдары:

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти

Асанкул Шаршенов - куудул жана кино артисти.

Кыскача таржымалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асанкул Шаршенов 1927-жылы Сары-Өзөн Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Жал айылында туулган. Мектепти бүткөргөндөн кийин ар кайсы кесипти аркалап жүрүп, 1949-жылы Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына, вокал бөлүмүнө келип кирет.

1950-жылдан Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониянын хоруна солист болуп орношуп, эмгек жолун улантат. Асанкул хордо солист болуп ырдап жүргөн учурунда 1958-жылы Москва шаарында кыргыздын маданияты, адабияты менен искусствосунун он күндүгү (декадасы) өтүп, ал улутубуздун далай-далай залкар өнөрпоздору менен кошо ушул тарыхый окуяга да катышып калат.

Хордо иштеп жүргөндө Асанкулдун куудулдукка шыктуулугу байкала баштайт. Куудулдук кесип биротоло дилин ээлеп алгандыктан, 1962-жылдан тартып филармониянын юмор жана сатира жанрынын артистигине өтөт. Ушундан баштап, Асанкул бүтүн кыргыз элине бирөөнү туураса алдына жан чыгарбаган куудул катары таанымал болот.

1970-жылдардан тартып Асанкул өзүнүн кичүү коллегасы Келдибек Ниязов менен сахналаш өнөк болуп, экөө кыргызды түрө кыдырышып, ала-тоолуктардын черин жазышат.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кинодо аткарган ролдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Арман (режиссеру Д. Садырбаев)

Аткарган интермедиялары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • М. Алыбаев. Ак чүч
  • М. Алыбаев. Жалкоо
  • Р. Шүкүрбеков. Калпак ж.б.

Наамдары жана сыйлыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1987 - Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти.

Асанкул Шаршеновдун эл оозунда жүргөн окуялары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атактуу куудул Асанкулдун Шаршеновдун окуп жүргөндө күрөшкө түшкөн окуясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуп жүрөм, эси дартымдын баары эле тамак, күнүнө 3 маал тамак берет. «Канды» эле жей берчү элек, көрсө анысы винегрет тура.

Училищанын деректири жана узун бойлуу Байман деген узун бойлуу зуңкуйган орус тренер эле. Бир курдай биз ойноп жатсак эле биз жака карап: «Эй ты, высокий, иди сюда», – деп эле мени чакырып калды. Мен жаман оюмда «Кудай урду, бул дагы тамак бергени жатабы» деп далдактап чуркап бара калсам «оо, ты же второй Кожомкул, из тебя хороший борец выйдет, пойдём», – деп мени спорт залга ээрчитип кирди. Анан мага күрөштүн түрдүү ыкмаларын көргөсөтүп, машыктыра баштады. «Эгер жеңилип баратканыңды сезсең, тегерек сызыктан чыга кач, дем алып алып кайра киресиң» деп кулагыма куюп жатты.

Андан көп өтпөй күрөш залында күрөш башталды. Мага чейин кыргыз балдар чалгы тийгендей эле жыгылып жаткан экен. Мен кире калсам эле залдагы аксакалдар, «келбетиңден айланайыын» муну эмне, кайда сактап жаттыңар эле, эбак эле чыгарбайт белеңер?» – деп колдоп, сүрөп эле баталарын берип дуулдап күтүп калышты. Мага боюу кичинекей бир орус бала чыкты, негедир купшуңдап турган неме экен, ичимдеп ойлоп койдум «бул деле бирөөнүн баласы эмеспи, кой аяп күрөшөйүн, өлтүрүп албайын», – деп коём жаман арымда.

Союз учуру, кийим тартыш, ал күрөш мага майрам сезилип, атамдын дамбалын шымаланып кийип алгам. Орус шеригим болсо тизесинен ылдый жагы жыртылып, айрылып калган шым кийип чыкты эле, а мен аны «ии, бул дагы бир бечара үй-бүлөөдөн турбайбы» деп ойлоп койгом. Көрсө ал дамбал эмес эле «шортик» турбайбы. Биринчи эле кол карматып учураштырат экен, колумду кармап учурашканда эле колум бырыша түштү. Экинчи ышкырыкта «асыл» деген эле, бара калып баса калгычакты болбой эле, кайра мага асылып, үстүмө чыгып кетсе боло, кокуйдуку. Оой, анан бир алымдын жетишинче чамгарактай баштабадымбы. Бирде жер көрүнөт, бирде потолок, бирде лампочка көрүнөт, бирде эл көрүнөт. Тигинин колунан бошосом тырмалаңдап качам, ал кайра сүйрөп келип ортого чабат, тимеле камыр жууругандай жууруп атат мени. Өзүм өлгөнү атсам кыргыздар бакырып атышат «тамак ичпей балээ ич, атаңдын оозун урайын шал, кичине айбат кылып койсоң боло, и-ий ит, мунусу тигилерден өткөн ит турбайбы өлтүрдү, өлтүрдү», – деп кыйкырып жатышат, ачууланышып. Кайра оруска болушуп, «убей его, убей дурака» дешип. Бир кезде байагынын колунан эптеп бошоно калып тырмалаңдаган бойдон качып чыктым. Өзүм араң кутулуп качып баратсам, элдер боорлору эзилип, кыраан каткырык салып, күлүп жатышпайбы.

Бир кезде Байман тренерим келди, салбыратып атамдын дамбалын сүйрөп алыптыр, «Кожомкул на, одень» деп коёт. Мен тырмалаңдап качып баратканда тиги пайчадан кармаган экен, дамбалым шыпырылып чечилип калыптыр да, аны деле сезбей, жанталашып качып жөнөгөн экенмин да мен байкуш.
Ошондон кийин “күрөштү биротоло таштагам” дептир да боорду эзген Асакебиз.

АСАКЕНИН АТАСЫ

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол эле Асакебиз бир күнү өзү менен чогуу иштешкен Эстебес Турсуналиевдин бригадасын өзүнүн айылына гастролго чакырып калат.
Ал жактан Эстекебиз концертин аяктап калганда Асанкулга кайрылыптыр: -«Асаке, айылыңа чейин келдим, эми бир жолу атаңды көрө кетейин, колунан чай ичип калган элем, ушунча келип кирбей кетип калсам уят эмеспи»,- деп камданып калат.

Анда Асакебиз айтыптыптыр:

«Кой кирбей эле койчу Эстеке? Атам баары бир сени тааныбайт, азыр бир топ эле карып калган» десе тигилер анысына карабай эле үйүнө бармакчы болушат.

Үйүнө келип, киргеден кийин баары менен тегерете кол кармашып учурашып чыгышат. Атасы болсо сүйлөбөй керебетте жаткан болот. Анан Эстекебиз атасынын колунан бекем кысып, «Ата кандайсыз, акыбалыңыз жакшыбы?» деп бетинен өөп учурашыптыр. Асакенин атасы дагы анын бетинен өөп койгон экен.

Ошентип ал жерден тамак ичип бүтүшкөн соң баары эшикке чыгып бара жатышканда Эстеке Асакеге:

-«Атам киши тааныбай калган дебедиң беле? Алда немедей эле мени таанып бетимен өппөдүбү», - десе, Асакебиз минтип айтат дейт.

-«Туура, Сени кемпирим» деп өөп жатпайбы,- деген экен.

Балалык кезим, 4-5 жаштагы убагым болсо керек эле. Авамдын эгиз көк эчкиси боло турган, бири ушунчалык сүзөөнөк дейсиңер, тимеле анын кылыгы ааламда жок эле. Колумдагы чыбыгыма да карабай, көргөн эле жерден кубалап жүрүп сүзүп, калашынча эрмектей берчү. Сүзгөндө да жөн сүзбөстөн «опуту» менен кээрилип туруп, эки алдыңкы бутун тик көтөрүп келип сүзүп, черин жазмайынча эс алчу эмес. Эгерим сүзгөндөн тажабаган нем болчу.

Авам «эчкилерди айдап келгиле» дегенде эле иним экөөбүз бири-бирибизди карап «барбайбыз, көк эчки сүзө берет экен» деп ыйлап баштайт элек.

Бир күнү авамдар уй сааганы сарайга кетишкен. Үйдө өзүм эле жалгыз калып, эшиктин айланасында жыргап ойноп жаткам. Бир маалда капысынан артымды карай калсам эле баягы көк эчки мени карап турат. Качан келип калганын да байкабай калыптырмын, турат мени тиктеп коюп. Ошол жерден чаңырган бойдон үйдү көздөй качтым дейсиңер, катуу корконумдан чоң эшикти да жаппай кирип кетиптирмин, көк эчки артымдан кубалаган бойдон кошо кирип келсе болобу. Мына сага анан, көк эчки мени жүккө такап алып ой бир эзгилеп сүзгөнү ушул күнгө чейин эсимде. Чаңырып, бакырып атам, өкүрүп атам, кыйкырып атам, бир маалда ары жактагы бөлмөдө бир эже бар экен, ошол үнүмдү уга калып, чуркап келип көк эчкиден ажыратып, мени аман-эсен куткарып калган.

Ошентип балалыгым көк эчкинин таягына бышып, аны менен алышып жүрүп чоңойгом.

Кийин шаарга кетип, анан көптөн кийин айылга барсам баягы көк эчки бир кыйла эле карып калыптыр. Байкуш, жанына басып барсам сүзгөн жок, бирок мага салам берди.

  • Чүй облусу: Энциклопедия. Бишкек,Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1994. ISBN 5-89750-083-5


Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]