Ниязов, Келдибек

Википедия дан
Келдибек Ниязов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Келдибек Ниязов
Туулган жылы: 8 -октябрь 1952-жыл
Туулган жери: Куланак айылы, Нарын району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: артист, куудул
Наамдары:

КРнын эмгек сиңирген артисти

Ниязов Келдибек (8.9.1952-ж. т., Нарын району, Куланак айылы) — артист (көркөм окуу боюнча). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992).

Таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1989-ж. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун уюштуруучу-методист факультетин бүткөн.
1969-жылдан Т. Сатылганов атындагы филармонияда эмгектенет. Ниязов тууроочулук (имитатордук) өнөрү өөрчүгөн куудул катары белгилүү.
Коомдогу терс жагдайларды, кишилердин терс жорук-жосундарын ашкерелеп, апыртып, сөз ойнотуп табышмактап сүйлөйт. "Ооба Аксакал" (Ш. Солтоноев), "Чолпошка" (С. Урманбетов), өзүнүн "Репетиция", "Заманга жараша", "Мен даяр", "Куудулдар тойдо" жана башка интермедияларды сахнага алып чыккан. "Мыскыл жана Тамаша" телеберүүсүн баштоочулардан.
Киного да тартылган. Асанкул Шаршеновдун шакирти. Асанкул Шаршенов атындагы куудулдар конкурсунун 1-лауреаты. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Келдибек Ниязов: Асанкул Шаршеновдун азилдеринен
Келдибек Ниязов: "Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
"Мен Нарындын элин, Алтынбек Сапаралиев Таластын элин көтөрмөк белек…"(жеткиликсиз шилтеме)