Асман механикасы

Википедия дан

Асман механикасы - астрономиянын бир бөлүмү; ал жалпы гравитациялык талаада Күн системасындагы нерселердин (телолордун) кыймылын изилдейт. Айрым учурда гравитациялык күчтөрдөн тышкары реактивдүү күчтөр, нурлануу басымы, чөйрөнүн каршылыгы, массанын өзгөрүшү жана башка факторлор да эсепке алынат. Асман механикасын илим катарында өнүгүшүн кеңейтип, француз окумуштуусу П. Лаплас 1798-жылы чыккан «Асман механикасы жөнүндө трактат» деген эмгегинде анын илимий маанисин көрсөтүп, Асман механикасы деп атоону илимге 1-болуп киргизген. 19-кылымда немец К. Гаусс жана башка илимпоздор кичине планеталар менен кометалардын орбиталарын эсептеп, кыймыл теориясын үйрөтүүнү өнүктүрдү. Ай кыймылынын так гравитация теориясын жүргүзүлгөн байкоолор менен салыштырганда Жердин бир калыпта эмес кыймылы аныкталган. Асман механикасында Жер менен Айдын кыймылы да изилденет. 20-кылымда америкалык астроном Э. Браун Ай кыймылынын гравитация теориясын ачкан. Анын негизинде Уран планетасынын кыймылын изилдөө Нептун (1846) жана Плутон (1930) планеталарын ачууга алып келген. Асман механикасынын жаңы бөлүмү болуп Күн системасындагы нерселердин кыймылындагы салыштырмалуулуктун жалпы теориясынын натыйжаларын эсепке алуучу релятивдик асман механикасы эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1