Ассоциация (психология)

Википедия дан

Ассоциация (лат. associatio – кошулуу) – коомдук бирикме.

Психологияда эки элестөөнүн байланышы, бир элес сезимде экинчисин «чакырып» пайда кылат (идеялардын ассоциациясы). Ассоциациялар тууралуу окуу мындай байланыштардын себебин чечмелөөгө аракет кылат. Байланыштардын себеби катары Аристотель окшоштукту жана айырмачылыкты алган. Кийинчирээк элестөөлөрдүн мейкиндиктик жана убакыттык жакындыгын эске алышкан, байланыштыруучу каражаттар катары төмөндөгүлөр аталган, үчүнчү катыштыруучу элес, сезим, максат, маани, топтолгон көңүл ж. б.

Көпчүлүк учурларда Ассоциациялардын жардамы менен бардыгын байланыштырууга болоору белгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8