Астероид-комета коркунучу

Википедия дан

Астероид-комета коркунучу - космос телолору менен Жердин кагылышуу коркунучуна байланышкан түшүнүк. 1980-жылы киргизилген. Жерге жакын учуп өткөн биринчи астероид (Аполлон) 1932-жылы ачылган. Азыркы убакта мындай астероиддер көп байкалууда. Асман телосу менен Жердин кагылышуу коркунучу бар экендигин Жерде табылган кратерлер (жанар тоонуку эмес) айкындап турат. 65 млн жыл мурун мезозой менен кайназой эрасынын ортосунда Жердеги тирүү организмдердин үчтөн экиси, анын ичинде динозаврлар кырылып жок болгон. Мунун себебин окумуштуулар астероид же ядро диаметри 10 км болгон комета менен Жердин кагылышы Юкотан жарым аралындагы (Мексика) Чиксулуб кратери деп эсептешкен. Анын диаметри 180 км, 64,98±0,04 млн жашта болгон. 20-кылымдагы маанилүү кагылышуу 1908-жылы 30-июнда Таштуу Тунгуска дарыясынын жээгинде болуп, Жер үстүнө түшкөн асман телосунун жарылуу кубаттуулугу 10 Мтны түзгөн. Азыркы убакта Жер менен астероиддин кагылышуу коркунучу бар. Ал эми кометалар менен кагылышуунун ыктымалдуулугу 1 % . Диаметри 1 кмден чоң асман телолору 500 миң жылда 1 жолу Жер менен кагылышканда глобалдык кыйроо болушу мүмкүн. Күн системасындагы 1200 асман телолору Жер менен кагылышы ыктымал. Кичине кометалар Жер менен кагылышканда региондук же жергиликтүү табигый кыйроого учуратат, эгерде ал жерде атом электр станциясы, химиялык өнөр жай болсо өтө коркунучтуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1