Асыл тукум мал чарбасы

Википедия дан

Асыл тукум мал чарбасы - белгилүү бир асыл тукум мал асыроочу чарба. Малдын асыл тукумдуулугун жана кунардуулугун арттырып, колдогу малды жакшыртуу жана жаңы порода, породалык тип, линия жана тукум чыгаруу боюнча иш жүргүзөт. Ал асыл тукум мал заводу, чарбасы жана фермасы болуп бөлүнөт. Заводдордо мал породасынын тукумдуулугун улам жакшыртуу иши жүргүзүлөт. Порода кунардуулугу боюнча орточо деңгээлинен жогорку, эң мыкты, таза кандуу элита жана 1-класстагы топтору болот. Анда малдын төлү заводдун өзүндө, ошондой эле башка чарбанын малын толуктоожана жасалма жол менен уруктандыруу ишканаларын тукумдук эркек мал менен камсыз кылуу үчүн колдонулат. 3аводдо породанын колдогу линиясы жакшыртылып, жаңы линия, тип же порода чыгарылат. Бул чарбалардагы малдын төлү андагы малды толуктоо үчүн жана товардык мал өстүрүүчү чарба менен фермаларда пайдаланылат. Кыргызстанда кыргыз уяң жүндүү кою М. Н. Лущихин атындагы асыл тукум кой заводунда чыгарылып, «Каттаталдык», Кочкор, «Оргочор» асыл тукум кой заводдорундагы кой фермаларында көбөйтүлүп, тукуму жакшыртылган. Тянь-Шань асыл тукум мал заводунда чыгарылган жарым уяң жүндүү Тянь-Шань кою Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо райондорунда асыралууда. Жарым кылчык жүндүү, куйруктуу алай кою Алай районундагы мурдагы «Кашка-Суу» асыл тукум мал заводунда чыгарылган, азыр фермердик чарбаларда өстүрүлүүдө. Ала-Тоо ую Стрельникова атындагы асыл тукум уй заводунда жана Сокулук тажрыйба чарбасында асыралууда. Уйдун Олуя-Ата тукуму Талас өрөөнүндө чыгарылып, өстүрүлүүдө. Кыргыз жаңы жылкысы Нарын, Талас, Ош жылкы заводдорунда Дон жылкысы менен таза кандуу миңги жылкы Ысык-Көл № 54 мамлекеттик асыл тукум жылкы заводунда асыралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1