Нарын району
Нарын району | |
---|---|
район | |
Нарындагы базар | |
Өлкө | Кыргызстан |
Облус | Нарын |
Seat | Нарын шаары |
Time zone | GMT +5 (UTC+5) |
Нарын району ― Кыргызстандын Нарын облусундагы район. Административдик борбору ― Нарын шаары.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1930-жылы түзүлүп (1957-ж Куланак району кошулган). Түндүгүнөн Кочкор батышынан Ак-Талаа, Тогуз-Торо, түштүгүнөн Ат-Башы райондору, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Ысы-Көл об. менен чектешет. Аянты 7894 км2, калкы 36,3 миң (1986-ж). Райондо12 айыл өкмөтү, 33 кыштак бар.
Район ички Тянь-Шандан орун алып, негизинен ортонку Нарын өрөөнүн жана аны курчап турган тоолорду ээлейт. Өрөөндүн туурасы чыгышында 30 км, батышында 85 кмге чейин, таманы чыгыштан батышты карай төмөнөйт (2300 мден 1600 мге чейин). Нарын оң жээгинде чаптар мүнөздүү.
Алар терең кууш жана тик капталдуу келип, кыртышы жана өсүмдүктөрү чарбага жараксыз.
Айрымдарымда түз тектирлерда кездешет.
Алар деңиз деңгээлинен 1700-2500 м бийиктикте жатып, көбүнчө Нарынга куйган суулардан боюнан орун алган.
Мында райондогу кыштактар орун алган.
Аймагынын түндүк бөлүгүн Молдо-Тоо (бийик чокусу 4418м), Боор-Албас (3980 м), Ителги-Уя (3842 м), Нура-Тоо (4228 м), Кара-Жорго (3833 м), Баук (3391 м), Ача-Таш (3980 м), Жетим (4331 м) кыркы тоолорунун аскалуу түштүк капталдары жана алардын ортосундагы Соң-Көл, Солтон-Сары, өрөөндөрүндө жана түштүгүндө Нарын-Тоо (4500 м), Ала-Мышык (3379 м), Кара-Тоо (4066 м), Байбиче (3500 м) тоолорунун жантайыңкы беттери жана түздүктөрү ээлейт.
Климаты кескин кантинеттүү кургак.
Райондун аймагынан Нарын дарыясы (куймалары – Кичи-Нарын, Жергетал, Кыжырты, Ат-Башы ж.б ) агат. Курулуш материалдарынан (кум, чопо, гипс) кендери бар.
Нарын-Тоонун түндүк капталында карагат, карагай өсөт.
Калкынын 99% кыргыз, орточо жыштыгы 1 км2ге 4,6 киши.
Негизинен тоют өсүмдүктөрү, дан эгин жана картошка өстүрүлөт.
Айыл чарбага жарактуу жери 545,9 миң га, айдоо аянты 29,0 миң га, жайыт 509,6 миң га, айдалбай жаткан жерлери 3,2 миң га сугат жери 20,5 миң га, кайрак жери 8,5 миң га, чабында 5,6 миң га.
Токой чарбасы (320,7 миң га) бар.
Ат-Башы ГЭСи иштейт.
Авто жолунун уз. 352,1 км.
Балыкчы Торугарт авто жолдору өтөт. Ички жолдору: Нарын - Чаек, Нарын – Баетов – Казарман, Нарын – Ат-Башы жолдору өтөт.
Нарын району бийик тоолору менен кооз.
Административдик-аймактык бөлүнүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Райондо 15 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 41 айыл бар[1]:
- Ак-Кудук айыл аймагы: Сегизинчи Март (борбору), Ак-Кудук, Шоро;
- Дөбөлү айыл аймагы: Дөбөлү (борбору), Алыш, Кеңеш;
- Жан-Булак айыл аймагы: Жан-Булак (борбору);
- Жергетал айыл аймагы: Жерге-Тал (борбору), Жалгыз-Терек, Кызыл-Жылдыз;
- Казан-Куйган айыл аймагы: Казан-Куйган (борбору), Кара-Үңкүр;
- Кара-Кужур айыл аймагы: Лакол (борбору), Жер-Көчкү;
- Эмгекчил айыл аймагы: Эмгекчил (борбору);
- Миң-Булак айыл аймагы: Куйбышев (борбору), Миң-Булак, Өрнөк;
- Он-Арча айыл аймагы: Эчки-Башы (борбору), Оттук;
- Орток айыл аймагы: Таш-Башат (борбору), Кайыңды, Өрүк-Там, Эки-Нарын, Тамды-Суу;
- Учкун айыл аймагы: Куланак (борбору), Учкун;
- Чет-Нура айыл аймагы: Орто-Нура (борбору), Ак-Булуң, Ак-Кыя, Ийри-Суу, Орто-Саз, Өрүк-Там, Чет-Нура, Төш-Булак;
- Эмгек-Талаа айыл аймагы: Ак-Талаа (борбору), Тегерек, Эмгек-Талаа;
- Сары-Ой айыл аймагы: Жылан-Арык (борбору), Сары-Ой;
- Достук айыл аймагы: Достук (борбору);
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстандын административдик бөлүнүшү | ||
---|---|---|
Баткен облусу | Баткен · Кадамжай · Лейлек | |
Жалал-Абад облусу | Аксы · Ала-Бука · Базар-Коргон · Ноокен · Сузак · Тогуз-Торо · Токтогул · Чаткал | |
Нарын облусу | Ак-Талаа · Ат-Башы · Жумгал · Кочкор · Нарын | |
Ош облусу | Алай · Араван · Кара-Кулжа · Кара-Суу · Ноокат · Өзгөн · Чоң-Алай | |
Талас облусу | Бакай-Ата · Кара-Буура · Манас · Талас | |
Чүй облусу | Аламүдүн · Жайыл · Кемин · Москва · Панфилов · Сокулук · Чүй · Ысык-Ата | |
Бишкек шаары | Октябрь · Биринчи Май · Свердлов · Ленин · Чоң-Арык ш.т.а · Орто-Сай айылы | |
Ош шаары |