Миң-Булак (Нарын району)

Отурукташкан жай
Миң-Булак
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын облусу
Район Нарын району
Координаттар 41°28′34″ с. ш. 75°51′03″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 5160 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Миң-Булак (Нарын району) (Кыргызстан)

Миң-БулакКыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Миң-Булак айыл аймагына кирет.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Советтер Биримдигинин тушунда кыштак Тянь-Шань районунун Куйбышев атындагы колхозунун борбору болгон.

Миң-Булак айыл округу 3 бөлүктөн турат. Өрнөк, Куйбышев жана Миң-Булак.

Бул айылда тигүүчү цехтен тартып кийиз жасоочу цехке чейин бар.

Эли өтө күжүрмөн, уз, уста эмгекчил калк. Калкынын саны 6060 адамды түзүп, 1164 түтүн үй бүлө жашайт.

Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Актан Тыныбек, Токтогул Байсалов атындагы эки орто мектеп жана Жакып Өмүралиев атындагы орто мектеп бар.

"Менин айылым Миң-Булак,

Өзөн-өзөн сууну улап

Өзөндөрдүн жээгинде,

Карап турам кол булгап.

Ал жагы да көп булак,

Бул жагы да көп булак

Булактардын көптүгүнөн,

Аталып калган Миң-Булак" - деп ушул айылдын тургуну жаш акын кыздардын бири Мунара Расулова жазгандай чынында айылдан суу таппай убара болбойсуң.

Миңдеген мөлтүрөгөн булактар жер жарып чыгып турат.

Бул айыл Нарын районундагы эң чоң айылдардын бири.

Ошондой эле токойду аралап шаркырап аккан Он-Арча дарыясы айылды кесип өтүп, Нарын дарыясына куят.

Бул суудан ар кандай балыктарды кездештирсе болот. Көргөн жанды суктандырган, боорунда аппак кар жаткан Ала-Мышык тоосу да өзгөчө бир көрк берип тургансыйт.

Айылдын эли дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенишет. Жапжашыл болгон жайытта оттоп жүргөн малдарды, эгин талаасында бири арык чапса, бири чөп чапкан жанды көргөндө күжүрмөн элдин эмгегине сыймыктанбай койбойсуң.

Айыл өкмөтү. Калкы.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыл өкмөтү - Кудайбергенов Курманбек Асанович.

Калкы - 6060 киши. [1]

Айылдан чыккан инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Көкөтөй чечен
  • Тыныбек Жапый уулу, манасчы
  • Актан Тыныбеков манасчы, фольклор жыйноочу
  • Асан Заркунов Эл мугалими, жазуучу, филология илимдеринин кандидаты
  • Асан Жакшылыков акын, Эл жазуучусу
  • Табылды Актанов актер, манасчы, төкмө акын, дастанчы, КР эл артист
  • Мунарбек Чобиев ырчы
  • Болот уулу Үмөт, жаш манасчы
  • Кубат Чекиров, "Кут билим" гезитинин башкы редактору
  • Асанбек Кулманбетов жазуучу
  • Жаныш Кулманбетов режиссер, драматург
  • Кадыракун Базарбаев мамлекеттик жана коомдук ишмер
  • Ашыралиев Кемел мамлекеттик жана коомдук ишмер
  • Нургазиев Рысбек, ветеренария илимдеринин доктору, Агрардык акдемиянын ректору
  • Асанкул Осмонов КР эл артист
  • Чоро Думанаев КР эл артист
  • Мукаш Исмаилов экономика илиминин доктору, профессор
  • Канат Мамырканов куудул
  • Төлөбек Өмүралиев, юридика илимдеринин доктору
  • Ибраев Абдыжапар, Ж. Баласагын атындагы улуттук университетинин доценти
  • Касымалиев Кубанычбек, техника илимдеринин кандидаты
  • Касейинов Кубат Үсөнкулович, экономика илимдеринин кандидаты
  • Кадыркулова Таалайкуль мамлекеттик ишмер,юридика илимдеринин кандидаты
  • Кудайбергенов Курманбек Асанович, мамлекеттик ишмер
  • Асанов Алтынбек Жекшебаевич, коомдук ишмер, бизнес окулу
  • Кармышов Самат, коомдук ишмер
  • Усенов Илияз Толобаевич, коомдук ишмер

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1977-1980. - Т.1-6.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Нарын облусу: Энциклопедия. Жооптуу редактор академик У.Асанов. - Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы ред., 1998. - (ISBN 5-89750-100-1)
  • Урстанбеков Б.У., Чороев (Чоротегин) Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. — Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. — 288 бет. — (ISBN 5-89750-028-2)
  • Макешов, Кабыл. Кыргызстан: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. - Бишкек: Турар, 2011. - 296 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-15-107-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүрөт баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазуучу Кеңеш Жусупов жана генерал Бейше Молдогазиев өз жердештери менен. Он-Арча айылы, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.