Орто-Нура
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Орто-Нура
|
Орто-Нура, Нарын району — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Чет-Нура айыл аймагына кирет. Орто-Нура суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2131 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 25 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 208 км. Кыштак 1930-ж. пайда болгон. Орто мектеп, 2 китепкана, бала бакча, Маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Соода жайлары иштейт. Кыштакта Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Ибраев Эсенгул туулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 1133 (1986), 1405 (2007), 1542 (2009) киши[1], негизинен мал багат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.