Аткуур

Википедия дан

Аткуур (чеңгел) - ашкана буюму. Казандагы этти аткып сайып оодарууда, бышкан этти чыгарууда колдонулат. Ал жашык темирден тандалып жасалат. Сабына зергерлер күмүш жалатып, оюм-чийим түшүрүшөт. Бышып жаткан этти оодарыштырууда, бышкан этти чыгарууда колдонулат. Анын жердигин усталар муңайым темирден тандашат. Ал көбүнчө төрт айрылуу болуп, этти аткып сайып алууга шартташкан. Эгер аткуур башы өзүнчө темирден болсо, депкир сыяктуу мис менен карматылат. Аткуур кармоого эптүү болушу үчүн учу бычак сабындай жыгачтан жумуру жасалат. Аткуур сабынан бери бүтүндөй темирден болушу да ыктымал. Анын сабына зергерлер күмүш жалаткан жана ага оюм-чийим беришкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1