Атлах салгылашуусу

Википедия дан

Атлах салгылашуусу – 751-жылдагы Тан династиясы жана Араб халифатынын аскерлеринин согуштук беттешүүсү. 748-жылы Тан династиясынын аскерлери Суяб шаарын жана Шашты (Ташкен оазиси) басып алган. Арабдар Таразды ээлешкен, бирок кытайлардын курчоосунда калган. Араб аскер башчысы Саил ибн Хумейд Абу-Муслимден жардам сураган. Ушундай эле сураныч менен Шаштын кытайлар тарабынан өлтүрүлгөн шаар башчысынын уулу да кайрылган. Абу-Муслим Таразга Зияд ибн Салихтин башчылыгы алдында аскерлерин жиберген. Алардын алдынан Суябдан Чао Сянджи башкарган жүз миңдей Тан аскерлери тосуп чыккан. Алар Талас суусуна жакын Атлах шаарынын жанында беттешкен. Бир нече күндүк кармашуудан кийин Тан аскерлеринин ооругунан (тыл) карлуктар, согуш майданынан – арабдар сокку берген. Тан аскерлери чоң жоготууларга учураган.

Араб тарыхчысы Ибн Ал-Асирдин маалыматы боюнча Атлахта кытайлардын 50 миңи өлтүрүлүп, 20 миңи туткунга алынган. Талкаланган аскерлердин калганы Талас дарыясын бойлой тоого качкан. Туткундардын көпчүлүгү Самаркан жана Иракка айдалган.

Бул тарыхый салгылашуу жергиликтүү калктардын арабдар тарабында согушкандыгынын гана күбөсү болбостон, Кытайдын толугу менен артка чегинишинин жана Азиянын Тан империясынан көз карандысыздыгын бекемдеген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1