Атоочтук сөз айкаштары

Википедия дан

Атоочтук сөз айкаштары - багындыруучу (негизги) түгөйү (компоненти) көбүнчө зат атоочтордон, аз да болсо сын атооч, сан атооч, ат атооч, тактоочтордон болгон сөз айкаштары (мисалы, алтын шакек, жүзүмдүн ширеси, элге жакшы, окуучулардан бешөө, түшүмгө мол, келгендердин кимиси). Атоочтук сөз айкаштарынын багыныңкы түгөйүнүн кызматында сын атооч, сан атооч, зат атооч, ат атооч, тактоочтор, тууранды сөздөр, атоочтуктар болуп, багындыруучу түгөйдүн ар түрдүү белгилерин көрсөтөт (мисалы, жашыл талаа, жыйырма бала, жыгач күрөк жана башка). Атоочтук сөз айкаштарынын түгөйлөрү өзара ыкташуу, таандык байланыш жана башкаруу жолу менен байланышат. Тоолор, олкобуз, онор жай,эгемендуу,