Атыр Абдрахматова

Википедия дан
Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
желек
желек
 Март, 2022
Өкмөт башчысы: Акылбек Жапаров
Президент: Садыр Жапаров
 
Туулган жери: Фрунзе
Билими: Кыргыз Улуттук Университети (КУУ)
Кесиби: Юриспруденция

Атыр Абдрахматова (төр. 7-февраль 1981; Фрунзе шаары, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. 2016-жылдын июнь айынан 2017-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары болгон. 2022-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) болуп шайланган.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Юридикалык жогорку билими бар.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 2000-жылы калктын муктаж болгон катмарына жарандык-укуктук маселелер боюнча акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча «Жардам» долбоорунун консультанты болуп баштаган.

  • 2022-азыркы убакыт - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
  • 2016-2017-жылдары - Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары
  • 2016-2020-жылдары - Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
  • 2007-2009 - «Оберон» ЖЧКсынын юристи;
  • 2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы
  • 2004-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басарынын жардамчысы.
  • 2003-2004-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатынын жардамчысы.
  • 2000-2001 - Калктын муктаж болгон катмарына жарандык-укуктук маселелер боюнча акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча «Жардам» долбоорунун консультанты.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]