Аускультация

Википедия дан
"Сүрөт Теобальда Чартрана"

Аускультацияички органдардагы (жүрөк, өпкө, кан тамыр жана башка) үн кубулуштарын тыңшоого негизделген врачтык изилдөө ыкмасы.

Өпкөнү тыңшоодо анын дем алгандагы дабышы, белгилүү ооруга мүнөздүү кыркыроо угулат. Жүрөктүн кадимки дабышынын өзгөрүшү же анда шуулдоонун пайда болушу жүрөк ишинин абалын, түрдүү оорунун пайда болгонун билгизет.

Кан тамырлар кан басымын өлчөөдө тыңшалат. Курсакты тыңшап (карын жана ичегилердин) перистальтикасын билүүгө, ошондой эле курсактагы баланын дем алуусун аныктоого болот. Аскультациянын түздөн-түз (денеге кулакты такап) жана кыйыр (түрдүү угузуучу аппараттын жардамы менен) түрү белгилүү. Аускультаияда атайын угузуучу аппараттар — стетоскоп жана фонендоскоп колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8