Афар тили

Википедия дан

Афар (же данакиль) тили афар элинин эне тили. Афразиялык макробүлөсүнүн кушит тилдердин тобуна кирет.

Расмий аталышы:

Афар тили

Айтылышы:

Qafár af

Өлкөлөр:

Эфиопия
Эритрея
Жибути

Аймактар:

Афар (Эфиопия)

Колдонгондордун жалпы саны:

2 млн (2017)

Классификациясы
Түрмөгү:

Африка тилдери

Афразия макробүлөсү

Кушит бутагы
Чыгыш өрөөн тобу
Афар-сахо тилдери
Афар тили
Жазылышы:

латын алфавити
эфиоп жазуусу

Тилдер коду
ISO 639-1:

ISO 639-2:

ISO 639-3:

Афар тилине сахо жана сомали тилдери жакын.

Тил статусу

Афар тилинде Эфиопия, Эритрея жана Жибути өлкөлөрүндө жашаган афарлар сүйлөшөт.
Афар тилинин Эфиопиянын Афар аймагында расмий статусу таанылган.
Эритрея жана Жибути өлкөлөрүндө афар тили улуттук тил катары таанылган. Афар тилинде массалык маалымат каражаттардан берүүгө уруксат берилген.

Жазуусу

Мурда эфиоп жазуусу колдонулган. 1976-жылдан баштап латын алфавитинин негизинде жазуу киргизилген.

Лексикография

Биринчи сөздүктү Карл Изенберг түзгөн. Андан кийин сөздүктөр жана грамматикалар лингвисттер Лео Рейниш, К.Конти-Россини, Г.Колица, Э.Локкер, Дж.Колби, Л.Близе тарабынан жарык көргөн. 1985-жылы Р.Хейвард менен Э.Паркердин афар-англис-француз сөздүгү жарык көргөн.

  • Leo Reinisch. Die Afar-Sprache, 3 Bände, 1886-87

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]