Африка тилдери

Википедия дан
Африка тилдери.

Африка тилдери - Африка континентинде жашаган жергиликтүү калктардын тилдери. Ага жергиликтүү 4 чоң тил макробүлөлөр кирет:

Афразия макробүлөсү

Нил-Сахара макробүлөсү

Нигер-Конго макробүлөсү

Койсан макробүлөсү

Алар көптөгөн бутак, топ жана майда топчолорго бөлүнөт. Семит-хамит же афразия тобундагы тилдер деп да аталат. Мисалы, семит тобунда: араб, бербер, кушит, хауса тобу сыяктуу 4 чоң топ бар; араб тилинде: Египет, Судан, Марокко, Алжир, Тунис, Ливия, Батыш Сахара (хасаний), Амхара, Тигра, Тиграм, Мавритания, Чад Республикасында калктар сүйлөшөт. Бул 4 тилдик топтордун бир нече топчолору бар. Бербер тобунда - 6, кушит тобунда - 12, хауса тобунда - 8 топчолору.

Бантуда - 83 топ жана топчолор, Мандеде - 10, Борб. жана Чыгыш Судандагы тилдерде - 17, Нилотто - 19 топ жана топчолор жашайт. Топ жана топчолордун ичинде да көптөгөн диалектилик, говорлук бөлүкчөлөр бар. Мадагаскарда жашаган эл Австронезия тил уясына индонезиялык тил тобуна кирет. Африка континентинде индоевропалык тилдерде африкаанс, англис, француз, португал, испан, хинди, гуджарат тилдеринде сүйлөгөн элдердин тилдик топтору бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1