Мазмунга өтүү

Ахмед хан

Википедия дан

Ахмед хан (туулган жылы белгисиз - 1504) – 1485-1504-жылы Моголстан мамлекетинин башкаруучусу. Атасы Йунус хан Ирандагы Йезд калаасында тарыхчы Шараф ад Дин Али Йездиден билим алган. Ал шаар турмушуна көнүп калгандыктан, Моголстандан оолактап, Кашкарда жана Аксууда жашаган, өмүрүнүн акыркы жылдарын Ташкенде өткөргөн. Анын уулу Ахмед Моголстандын чыгыш бөлүгүн бийлеп турган. Көчмөн турмушту жактаган могол төбөлдөрү аны атасынан бөлүп кетишкен жана ал бийликке келгенден баштап он жыл аралыгында могол урууларын толук баш ийдирген. Бабурдун айтымында Ахмеддин чатыры падыша жашаган турак-жайга эмес, каракчынын алачыгына көбүрөөк окшош болгон. Демек ал нукура көчмөн турмушта жашаган. Ахмед хан Моголстандын чыгыш бөлүгүнө коңшулаш жайгашкан калмактарга эки жолу катуу сокку урган. Алар хандан өтө корккондуктан, Алача хан деген лакап ат («Алача» монгол тилинен которгондо «өлтүргүч», «кан ичер» дегенди түшүндүргөн) коюшкан. Моголстандын батыш чектери жана Ташкен Ахмед хандын агасы Махмуд хандын бийлигинде турган. Махмуд хан 15-кылымдын аяк ченинде экп жолу өзбек-казактар менен согушуп, жеңилип калган. Ахмед хан жеңилген агасынын өчүн алуу үчүн өзбек казактардын конуштарына үч жолу жортуул жасап кыйраткан. Мухаммед Хайдардын жазганы боюнча, Ахмед хандын башкаруу мезгилинде калмактар менен өзбек-казактар жети-сегиз айча Моголстандын чектерине жакындоого батына албай калышкан. Анын бийлиги Чыгыш Түркстандын батыш бөлүгүнөн сырткары Моголстандын бардык аймактарына тараган. 1501-жылы өзбек ханы Шейбани Фергананын чыгыш бөлүгүн башкарган Махмуд хандын кеңеши менен Самаркандды жана Бухараны чаап алган. Көп узабай Шейбани хан Махмуд хандын ээликтерин да каратып алат. Бир тууганынын оор абалы жөнүндө кабар алган Ахмед хан өзүнүн ордуна тун уулу Мансур ханды калтырып, Махмуд ханга жардамга кеткен. Бир туугандар Фергананы кайтарып алууга аракет кылып, Аксыкентти камоого алышкан. Бирок Шейбани хандын жиберген күчтөрү аларды талкалап, хандарды туткундаган. Махмуд хандын кыздары Айша Султанды Шейбани ханга, Кутлуг ханымды Жаныбек ханга бергенден кийин гана хандар туткундан бошотулган жана Аксууга келишкен. Көп узабай Ахмед хан 1504-жылы шал оруусунан каза тапкан. Атасынын ордуна келген Мансур хан бир туугандары Султан Саид Хан менен Халил Султандын бийлик талашуусунан чочулап аларды куугунтуктаган. Инилеринин өзара чыр-чатактарына таасир тийгизе албаган Махмуд хан Ферганага кайтып барганда өзбектер тарабынан өлтүрүлгөн. Ал эми агасы менен келише албаган ханзаадалар кыргыздарга келип баш калкалаган жана Халил султанды Моголстандагы кыргыздар өзүлөрүнүн падышасы деп жарыялашкан. 1509-жылы Чарын жана Чилик сууларынын аралыгында кыргыздарга жана Султан Саид хан менен Халил Султанга агасы Мансур хан катуу сокку урган. Моголстандагы баш аламандыктын баштоочулары катары кыргыздардын көбүн Турфанга көчүрүп кеткен. Султан Саид Кабулдагы Бабурга баш калкалаган. Ал эми Халил Султан Ферганага качып барганда Анжияндын акими тарабынан өлтүрүлгөн. Кыргыздар мындан көп узабай саясий абалын оңдоп, алардын башкаруучусу Мухаммед Кыргыз элдин башын бириктирген жана Моголстандагы өз алдынча саясий бирикмесин түзүүгө жетишкен.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1