Ач-Талаа

Википедия дан

Ач-Талаа, Түштүк Ач-Талаа - Орто Азиядагы түздүк, Сыр-Дарыянын Фергана өрөөнүнөн чыга бериштеги сол жээк тарабы. Түштүгүнөн Түркстан кырка тоосунун этектери менен чектешет; түндүгү менен түндүк-батышында Кызыл-Кум чөлүнө кошулат. Аянты 10 миң км2дей. Бийиктиги 385 мге чейин. Негизинен лёсс сымал кумай жана кумдуу топурактан турат. Жеринин көп бөлүгү сугарылат (Түндүк каналы, Борбордук, Түштүк Ач-Талаа каналдары жана башка).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1