Ашаткы

Википедия дан

Терини ашатуу үчүн пайдалануучу жарма, ачкыл, айран жана улпактын аралашмасы. Жаңы сыйрылган терини жайып, күнгө бир аз тоборсуган соң анын чел этин алуу үчүн жандыктыкына (кой, эчки, кийик) орок, бодонукуна (төө, уй, топоз) кол күрөк керектелет. Жарма, айран, улпактын аралашмасы ашаткы болуп эсептелет. Адатта, ачыган айранга кара тузду жана улпакты, кээде ачкыл жарманы аралаштырып, жандыктын терисинин бетине бирдей жайып, күнгө коет. Же жандык союлары менен туз сээп, күнгө кургатат. Анан ун аталасына айрандан кошуп, же кошпой деле өзүнчө жалатып, 5—6 күнчө бүктөп коет. Тырмап көргөндө эти сыйрыла из түшүп калганда, терини жууп туруп, коңур кургак кылып кургатат. Бетине 5—6 күн ашаткыны жаңылап, күндүн илеби сууганча жайып, кайра алып, бүктөп койсо, күнгө жайылган жандыктын терилери ийине бат келет. Бул ыкмалар «терини ашатуу» деп аталат. Тери ийине келгенде нымыраак бойдон баканга арта салынып, көлөкөгө жайылат. Ашатуу — терини колдо иштетүүнүн алгачкы аракети.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)