Ашкалтепе

Википедия дан

Ашкалтепе - коло дооруна таандык турак жай урандысы. Анжиян облусундагы Кара-Дарыя суусунун сол жээгинде. Аянты 320 x 400 м. Ал жерден турак жай калдыгы, коломто, ар кандай оймо-чийме түшүрүлүп, сырдалган чопо идиш-аяктар табылган. Ашкалтепеде жашаган адамдардын негизги чарбачылыгы дыйканчылык болгон. Ашкалтепе эстеликтери Чуст маданиятына таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1