Ашык

Википедия дан

Ашык, чүкө оюну — байыркы убактарда жоокерчиликтин таасиринен жана мал чарбачылыгы менен мергенчиликке байланыштуу келип чыккан кыргыз элинин улуттук оюну. Кан таламай, канымдат, ордо, упай, үчүм, чокон, атмай, сасыткы, жеп кетти, чүкө бекитмей, ашык калчоо, нөлдө жана башкалар оюндардын жалпы аталышы. Манас эпосунда ашык Манас бала кезинен тартып ойногон оюн катары учурайт: «Алты бала чогулдук, Нак ушу жерге жатабыз, Ашык оюн атабыз» (Сагымбай Орозбаков, 1. 120). «Семетей» эпосунда да А. эскерилет: «Ашык атып ойногон, Балдар аман жатабыз» (Курама варианты, «Семетей», 143).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4