БУУнун желеги

Википедия дан
БУУнун желеги
Бириккен Улуттар Уюму

Бекитилген

1947

Пропорция

2:3 [1]

Желектин автору

Донал Маклафлин (автору)

Бириккен Улуттар Уюмунун желеги — ачык көк түстөгү желектин ортосунда жайгашкан БУУнун расмий эмблемасынын сүрөтү түшүрүлгөн желек. БУУнун эмблемасы ак түстө болуп желектин эки бетине түшүрүүлүгө тийиш.

Желектин өлчөмү кабыл алынган эрежелерге жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.

Желектин тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бириккен Улуттар Уюмунун желегинин тарыхы 1945-жылдын апрелинде Америка Кошмо Штаттарынын Стратегиялык Кызматтар Бюросунун Өкүлчүлүк бөлүмү тарабынан даярдалган эмблемадан башталат.

Бул эмблема, Сан-Франциско конференциясында Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын бекитүү иш-чараларын багытталган конференциянын эмблемасы катары даярдалып чыккан.

Сан-Франциско конференциясынын[2] эмблемасы, борборунда Түндүк уюл көрсөтүлгөн дүйнө картасынын тегерек сүрөтү болгон. Карта 60-параллелден түштүккө чейин, Гринвичтен батышты карай 100-меридианга чейин тартылган карта.

Башкы катчы, Бириккен Улуттар Уюмунун Ассамблеясында бул эмблеманы расмий эмблема катары кабыл алуу ылайыктуу экендигин көрсөткөн жана 1946-жылдын 7-декабрында расмий деп бекиткен.

Эмблеманын кайра иштелип чыккан версиясы эки зайтун бутактары менен курчалган уюлдан бирдей алыстыктагы дүйнөлүк картанын азимуталдык проекциясы кошулган. Зайтун бутагы Байыркы Грекияда тынчтыктын символу болгон жана Бириккен Улуттар Уюмунун негизги максатына болгон – тынчтыкты чагылдырат.

Баш Ассамблеянын кезектеги экинчи сессиясында Башкы катчы Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн желегине муктаж экенин белгилеген.

1947-жылдын 20-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы, ачык көк түстөгү, ортосуна Бириккен Улуттар Уюмунун эмблемасы түшүрүлгөн желекти - расмий желек катары кабыл алган.

Желекти колдонуу эрежелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бириккен Улуттар Уюмунун желеги Бириккен Улуттар Уюмуна жана анын ишине колдоо көрсөтүү үчүн бардык калоочулар тарабанын эркин колдонуулса болот, бирок Бириккен Улуттар Уюмунун эмблемасын, желегин жана аталышын коммерциялык максаттарда колдонууда, Баш Ассамблеянын 1946-жылы кабыл алынган 92(I)[3] (A / RES / 92 (I)) резолюциясынын жоболору менен чектеген.

Бул резолюцияда Ассамблея, Бириккен Улуттардын Уюмунун желегин, эмблемасын кыянаттык менен колдонууга жол бербөө максатында жана аларды Башкы катчынын уруксатысыз колдонууга болбойт деген чечимге келген.

Бириккен Улуттар Уюмунун эмблемаларын колдонууну каалагандар Аткаруучу катчыга, Басма сөз кеңешине жана Коомдук маалымат департаментине — Бириккен Улуттар Уюмунун АКШ, Нью-Йорк штаты, NY 10017, дареги боюнча расмий түрдө кайрылуусу керек.

БУУнун бөлүмдөрүнүн желектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ал көтөрүлүп жаткан өлкөнүн мамлекеттик желегинин өлчөмүндө да колдонулушу мүмкүн. Кандай болбосун, эмблеманын бийиктиги желектин бийиктигинин жарымын түзөт жана анын ортосунда жайгашат
  2. Сан-Франциско конференциясы
  3. A/RES/92 (I) резолюциясы(жеткиликсиз шилтеме)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]