Баадер, Франц Ксавер фон

Википедия дан
Баадер, Франц Ксавер фон

Баадер, Франц Ксавер фон
Толук аты-жөнү Баадер, Франц Ксавер фон
Төрөлгөн 27.3.1765
Мюнхен
Көз жумган 23.5.1841
Мюнхен

Франц Ксавер фон Баадер (нем. Franz Xaver von Baader; 27 март 1765, Мюнхен — 23 май 1841, Мюнхен) - немис диний философиясынын өкүлү.

Баадердин универсализмдик көз карашы теософиялык кудай жан окуунун күчтүү таасиринин натыйжасында өнүккөн. Баадер немис романтизминин калыптануусуна чоң таасирин тийгизген. Баадер белги, символ, иерогливдерге өзгөчө көңүл бурган.

Баадердин көз-карашынын маани-маңызына Шеллингдин жана романтиктердин таасири күчтүү болгон, ошол себептен жашоосунун аягында романтикалык диний философиясын түзгөн. Немис философторунун арасында биринчилерден болуп, Баадер буржуазиялык коомдун социалдык-маданий көйгөйлөрүнө көңүл болгон, христиандык социализмдин идеаларын өнүктүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]