Багирми тили
Багирми тили борбордук судан тил уясынын бонго-багирми тобуна кирет. Борбордук судан тил уясы гипотезалык Нил-сахара макроүй-бүлөнүн курамына кирет.
Багирми тилинде Чаддын түштүк-батышында, Шари-Багирми регионунда сүйлөшөт. Ошондой эле аз санда багирми тилинде сүйлөгөндөр Нигерияда да бар. Багирми тилинде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 44 800 киши.
Багирми тили гол, кибар, бангри, дам диалектерге бөлүнөт.
| Расмий аталышы: |
Багирми |
|---|---|
| Өлкөлөр: | |
| Колдонгондордун жалпы саны: |
44800 |
| Классификациясы | |
| Түрмөгү: | |
| |
| Жазылышы: | |
| Тилдер коду | |
| ISO 639-1: |
— |
| ISO 639-2: |
— |
| ISO 639-3: |
— |
Багирми тилинин үндүүлөрү кээ бир сөздөрдүн аягында күчтүү сандык кыскарышы менен мүнөздөлөт. Үнсүздөрдүн системасында тиш (альвеолярдык) жана ретрофлекстик окклюзивтер карама-каршы келет; эки фокустук имплозивдик (глотталдык окклюзивтер) жана лабио-велярдык окклюзивтер берилген. Лексикалык жана грамматикалык маанидеги тондордун фонологиялык карама-каршылыгы бар.
Жазуусу латын алфавиттин негизинде.