Мазмунга өтүү

Сонгай тилдери

Википедия дан

Сонгай тилдерисонгай элинин тилдери. Мурда бир тил катары эсептелген. Сонгай тилдери Сонгай (же Сонгай-зарма) тил уясын түзөт.
Нигердин орто агымында, Мали, Нигер жана Бенин мамлекеттеринин аймагында таралган.

Сонгай тилдерин кандайдыр бир макроүй-бүлөнүн курамына киргизгенге кыйынчылык жаратат, бирок эң кеңири таралган пикир боюнча бул тилдер гипотетикалык Нил-сахар макроүй-бүлөсүнө таандык.

Француз лингвисти Р.Николаи айтымында, сонгай тилдери эки диалект топторунан турат: Түштүк Сонгай жана Түндүк Сонгай. Бул топтордун өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү кыйын.
Кеңири таралган диалектилер: Гао (Мали) жана Зарма (Нигер).

Лексикасы араб, манде жана француз тилдеринен кирген сөздөр менен байытылган.

Сонгай империясынын тушунда, Сонгай диалектилеринин бири мамлекеттин расмий тили болуп турганда, андагы тексттерди жазуу үчүн араб графикасы колдонулган. Азыркы жазуусу латын алфавиттин негизинде.