Бадам

Википедия дан

Бадам (Amugdalus ?) – роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийиктиги 8-10 м дарак же бадал. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, ар түрдүү. Гүлү ак же кызгылт, жалгыздан. Мөмөсү – данек, ширин, айрымдары ачуу. Анда орточо 54 % май, 21 % азоттуу жана 13 % азотсуз заттар, 4 % клетчатка, 6 % суу, 2 % күл болот. Түндүк жарым шардын мээлүүн жана субтропик алкагында 40 түрү бар. КМШда 17 түрү (анын ичинен 5 гибрид) Европа бөлүгүнүн түштүгүндө, Крым, Закавказье, Сибирь, Орто Азияда ; Кыргызстандын Чаткал, Алай тоолорунда өсөт. Анын ичинен жапыз же талаа Б-ы кеңири таралган. Кадимки Б. Батыш Копетдаг, Батыш Тянь-Шань тоолорунда 800-1600 м бийиктикте өсөт. Ал биздин заманга чейин 2-кылымда Азияда өстүрүлгөн. Кургакчылыкка чыдамдуу келгендиктен адыр бөксө тоолорду жашылдандыруу үчүн өстүрүлөт. Ар гектар жерден 400 кгга чейин түшүм алынат. Данеги желет, кондитер ишинде, медицинада жана башка майын ачуу данектүүлөрү эфир майын алууда пайдаланылат. Вавилов бадамы менен, Сузак бадамы мурдагы СССРдин Кызыл китебине катталган. Бадамдын айрым түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]