Мазмунга өтүү

Баетов Аяз Батыркулович

Википедия дан
Баетов Аяз
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын юстиция министри
желек
желек
 13-октябрь 2021-жыл
Президент: Садыр Жапаров
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору
желек
желек
2019 — 2021
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары
2018 — 2019
 
Жарандыгы:  Кыргызстан
Дини: ислам
Билими: КУУ
Кесиби: тарыхчы

Баетов Аяз Батыркулович (20 декабрь 1984-жыл; Фрунзе, Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын юстиция министри[1][2].

1984-жылы 20-декабрда Фрунзе шаарында туулган.

2006-жылы Кыргыз улуттук университетин «Инвестиция чөйрөсүн жөнгө салуу» адистиги боюнча аяктаган. 2011-жылы Саясий илимдердин Улуттук институтун — GRIPS аяктаган.

2006-жылы — азыркы кезге чейин Council of Europe, UNDP, UNICEF, UNHCHR, IDLO, GIZ, PRI, эл аралык арбитраждык укук боюнча (негизги иш ордуна айкалыштыруу менен) эксперттик, аналитикалык жана тренердик иш алып барат.

2005—2007 жылдары — «Эл аралык укук мектеби» Коомдук фондунун Улуттук координатору, аткаруучу директору.

2006—2016 жылдары — Кыргыз улуттук университетинде, Юридика институтунда профессордун милдетин аткаруучу, доцент, окутуучу (айкалыштыруу менен).

2012—2013 жж. — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укук департаментинин 3-катчысы.    2013—2014 жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын эл аралык бөлүмүнүн башчысы, Венеция Комиссиясынын Бириккен кеңешинде байланыш офицери.

2008—2010 жана 2014—2018 жылдары — ABA ROLI Программасынын Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн соттук мониторинг боюнча региондук координатору.

2016—2018 жылдары — Кыргызстандын Эл аралык университетинин биринчи проректору, кафедра башчысы.

2018—2019 жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору.

2019—2021 жылдары — ABA ROLI программасынын Өзбекстан Республикасындагы өлкөлүк директору (Юристтердин Америкалык Ассоциациясы, Мыйзамдын үстөмдүгү программасы).

2021-жылы — Кыргыз Республикасынын юстиция министри[3].