Балкан союзу

Википедия дан

Балкан союзу - (1912) Болгария, Сербия, Грекия жана Черногориянын Түркияга, иш жүзүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган согуштук-саясий биримдиги. 1912-ж. бир катар согуштук конвенциялар жана келишимдер менен толукталган. Балкан союзу Орусиянын активдүү колдоосу менен түзүлүп, Орусия бул союздун жардамы менен Австрия-Венгриянын жана Германиянын Балканга келишине тоскоол кылууга умтулган. Балкан союзун түзүү идеясын Улуу Британия менен Франциянын өкмөттөрү да жактырышкан. 1912-ж. октябрда Балкан союзунун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын жана Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштүрүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна жана Балкан союзунун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өз ара согушуна алып келген, к. Балкан согуштары (1912-13).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4