Балкан согуштары

Википедия дан

Балкан согуштары - (1912-13 ж. - Балкан 1912-ж. 9-октябрь -1913-ж. 30-май) Балкан союзуна (1912) кирген мамлекеттерди басып алган Осмон империясына каршы согуштар. Аны баштоого Түркиянын Македония менен Фракияга автономия берүүдөн баш тартуусу шылтоо болгон. 1912-ж. 8-октябрда Черногория Түркияга согуш жарыялаган. Болгария, Сербия, Грекия согушка 18-октябрда кирип, Түркияны Лондон тынчтык келишимин (1913) түзүүгө мажбур кылышкан. Ал келишим боюнча Түркия Стамбул жана Чыгыш Фракиядагы жерлеринин бир аз бөлүгүнөн тышкары, Европадагы бардык ээликтеринен ажыраган. Биринчи Балкан согушу Албаниянын көзкаранды эместикке жетишүүсүн тездеткен. Экинчи Балкан согушу (Э. Б. с. 1913-ж. 29-июнь 10август) 1-тараптан Болгариянын, 2-тараптан Сербия, Черногория, Грекия, Румыния жана Түркиянын ортосундагы согуш. Союздаштардын ортосундагы карама-каршылыктын ырбашынан улам чыккан [к. Балкан союзу (1912)]. Болгар аскерлери Македониядагы сербиялык, грекиялык аскерлерге 30-июнда капилеттен кол салган. Согушту баштагандар 29-июлда багынууга мажбур болгон. Мунун натыйжасында Бухарест тынчтык келишими (1913) түзүлүп, ага ылайык Болгария Македониядагы, Фракиядагы жерлеринен гана эмес, Түштук Добружадан да ажырап калган. Константинополь келишими боюнча Адрианополду Түркияга калтырууга мажбур болгон. Экинчи Балкан согушу Румыниянын Үчтүк союздан (1882) чыгып кетишине жана Антантага жакындашуусуна жардам берген. Болгария Австрия Германия блогу тарапка өткөн. Балкан согушу эл аралык мамилелерди андан ары курчутуп, Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышын тездеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4