Балкыбекова Сайрагүл

Википедия дан

Балкыбекова Сайрагүл (1923, Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы) — Кыргыз ССРинин эл артисти (1964). Кыргыз театр өнөрүнүн калыптануу, өсүп-өнүгүү жолунда улуу муундагы сахна чеберлери менен бирге иштеп, жүздөн ашык образдарды жараткан. Ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетейде» (1982) Бакдөөлөттүн , «Сейтекте» (1988) Каныкейдин, «Айкөл Манаста» (1989) Чыйырдынын образдарын түзөт. Драмалык мүнөздөгү образдарды жеткире иштеп чыга алган Б-нын аткарган ролдорунун ичинен баласынын баласын көргөн, алардын иштеринде активдүү роль ойногон Каныкей чыныгы идеал аялдын үлгүсү катары көрүнөт. Айрыкча Каныкей менен Сейтектин бири-бирине кездешкен жериндеги эпизоддо Балкыбекованын ишенимдүү кыймыл-аракети анын жан дүйнөсү менен айкалышып турат. «Ардак Белгиси» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4