Балтагулов Төрөгелди

Википедия дан

Балтагулов Төрөгелди[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балтагулов Төрөгелди (1920, Ала-Бука району, Кош-Алмурут кыштагы — 1966, Фрунзе шаары.) — советтик парт, ишмер. 1940-жылы Фрунзе шаарындагы мугалимдерди даярдоочу иниститутка кирип, аны бүтүргөндөн кийин райондо мугалим, мектеп директору, райононун башчысы, андан кийин партиянын Ала-Бука райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1941-жылдан КПСС мүчөсү. 1943—49-жылдары Кыргызстан ЛКЖСтин Жалал-Абад обкомунун пропаганда боюнча секретары, биринчи секретары, кийин Ош обкомунун секретары, Ош областынын Эмгекчи депутаттар советинин аткомунун председатели.1955-жылы партиянын Жалал-Абад обкомунун биринчи секретары, Ош жана Жалал-Абад областтары кошулгандан кийин Ош областынын Эмгекчи депутаттар советинин аткомунун председатели, андан кийин Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи секретары. 1962-жылдан профсоюздардын респ. советинин председатели . 1947-51-жылдары жана 1955—59 жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин, 1958—66-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленин ордени, 3 «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбугулов М. "Ош тарыхы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.