Барсбек, Барс-бег

Википедия дан

Барсбек (Барс-бег Ынанчу алп Билге) – VIII к. башында Эне-Сайдагы Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Барсбек Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүү үчүн өзүнүн Эрен-Улуг деген элчисин баш кылып, мамлекет өкүлдөрүн Тибетке, жана башка элчилерин болсо Кытайга жана Түргөш кагандыгына жиберген.

Барсбек 711-ж. түргөштөрдүн башчысы Сакал каган м-н бирдикте чыгыш түрк кагандыгына каршы урушка даярданган, эл аралык саясий ынтымак түзгөн.

Бирок Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын каганы Капаган тезинен Көгмөн тоосун ашып, Барсбектин Эне-Сайдагы ордосуна капысынан кол салган.

Б.-б. 711-жылга караган кышта оор салгылашта баатырдык менен күрөшүп жатып курман болгон.

Анын тагдыры тууралуу саптарды Эне-Сайдагы кыргыз руна сымал жазмаларынан (Алтын-Көл) жана Орхон түрк руна сымал жазмаларынан учуратабыз.

Эс тутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын Ош шаарында 2011-жылы Барсбекке эстелик курулган.

Азыркы тапта Кыргызстанда Барсбек ысымдары балдарга арбын коюла баштады.


Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кара уулу Ө. Көөнө түрктөр тарыхы: (Студенттер үчүн дарстар) /Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Учкун, 1994. – 64.б.
  • Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии Отв. ред. Т.К.Чоротегин. – 2-е, исправленное изд. – Бишкек, 1995. – 232 с., илл., карты.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (VII к. башы — XVIII к. аягы): Экинчи бөлүк: Орто мектептин 7-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 128 б.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]