Барымта

Википедия дан

Барымта - өткөн доорлордо кыргыз, казак, каракалпак, башкыр жана башка көчмөн элдерде мүлктөй алынуучу доо болгон. Айрым учурларда барымта кан төгүү аркылуу өч алууга чейин жеткен. Барымта кармоо жеке адамдын ортосунда эмес, уруу менен уруунун же коңшулаш элдердин, кээде айыл менен айылдын ортосунда болуп турган. Анын уюштуруучусу жана шыктандыруучусу уруу башчылары болушкан. Уруулардын, мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн келишимдердин жана башка алакалардын так аткарылышын көзөмөлдөө максатында барымта кармоо салты байыркы доорлордон эле белгилүү. Энесай кыргыздарында бул салт "аманат" деп аталганын орус булактары баяндайт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев; С. Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,"Бийиктик" - 2005-жыл.