Басым (физикалык)

Википедия дан

Басымы 71000 Па болгон газдын кысууда сырттан куч 142к Дж жумуш аткарган.Газдын коломунун озгорушун аныктагыла


Басым.

Басым – бир нерсенин бетинин бирдик аянтына экинчи нерсенин тик аракет этүүчү күчүн мүнөздөөчү физикалык чоңдук. Мис., үйдүн пайдубалынын Жердин кыртышына, суюктуктун идиштин түбүнө жана каптал беттерине, кыймылдаткычтын цилиндиринин ичиндеги газдын поршенге ж. б. жасаган аракеттери. Эгер F күчү беттин S аянтына бирдей бөлүштүрүлсө, басым P=F/S. Күч бирдей эмес бөлүштүрүлсө, бул барабардык менен ал аянтка жасалган орточо басым, ал эми S нөлгө умтулса, чекитке жасалган басым аныкталат. Басым манометр, барометр, вакуумметр менен өлчөнөт. Басым бирдиги үчүн 1 м2 аянтка 1 Н күчтүн жасаган басымы кабыл алынат. Бул бирдик Паскалдын урматына Паскаль (Па) деп аталат. Толкун басымынын физикалык табияты жөнүндө (к. Үн басымы. Согуу толкуну. Жарык басымы).

Байланышкан макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0